Кыргызстан азык-түлүктүн жаңы түрлөрүн Кытайга экспорттоону көздөп жатат

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүАлча түшүмү. Архив
Алча түшүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы фермерлер Кытайга таза бал, гилас, коон, ун, сүт азыктарын сатууга мүмкүнчүлүк алышканын белгиледи.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстан бир катар жаңы азык-түлүктүн түрлөрүн Кытайга экспорттоонун үстүндө аракеттерди көрүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген кезектеги маегинде айтты.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин жакында эле Кыргызстанга келген иш сапары тууралуу суроого жооп берип жатып, өлкө башчы Кытай Кыргызстан үчүн чоң рынок экенин белгиледи.

"Алар биздин экологиялык таза азыктарыбызга кызыкдар. Биз мына ушул багытты күчөтүү ниетибиз бар экенин билдирдик. Тышкы иштер министри Ван И мырза жардам берерин билдирип, колдоду", — деп белгиледи мамлекет башчы.

Президенттин айтымында, экспорт маселеси Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине келгенде дагы талкууланган.

"Кытай бизге чектеш, жакын. Бизден өндүрүлгөн азык-түлүктү Кытайдын Кашкар, Синьцзян аймактарына алып киргенге ыңгайлуу. Кытай башчысы "Кыргызстандын продукциясы эл аралык стандартка жооп берет, экологиялык жактан таза" деп, бизде өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын тааныштырып, даамын көргөн. Ошондон кийин иш жыла баштады", — деди президент.

Жыл башынан бери КР кайсы мамлекеттерге канча азык-түлүк экспорттоду. Тизме

Жээнбеков фермерлер Кытайга таза бал, гилас, коон, ун, сүт азыктарын сатканга мүмкүнчүлүк алышканын белгиледи. Бирок коронавирус илдети чыккандан улам бул иш токтоп калган.

Президент кошумчалагандай, тиешелүү мамлекеттик органдар Кытайга буурчак, жүзүм, картошка, абрикос, жүгөрү, эт азыктарын жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0