Жээнбеков: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга Россия да кызыкдар

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүТемир жол куруу иштери. Архив
Темир жол куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы долбоорду ишке ашыруу үчүн учурда Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттеринин ортосунда (3+1 форматында) сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга Россия дагы катышкысы келип жатат. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн учурда Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттеринин ортосунда (3+1 форматында) сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат.

"Бул долбоор бизге аба менен суудай керек. Аны сөзсүз ишке ашыруу зарыл. Кечээ илдет чыгып, пандемия башталып, чек аралар жабылганда биз оор абалда калдык. Темир жол абдан керек экенин дагы бир жолу көрдүк. Долбоорду ишке ашыруу боюнча эксперттер иштеп жатат. Жалпылап алганда ал долбоорго Кытай тараптын кызыгуусу бар. Темир жол долбооруна Россиянын катышуусу тууралуу да РФ менен сүйлөшкөнбүз. Азыр "Россия темир жолдору" бул маселе боюнча биздин темир жолдор менен тыгыз байланышта иштей баштады", — деди өлкө башчы.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

Эске салсак, 14-сентябрда Кыргызстанга расмий иш сапары менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И келип, өлкө башчы Жээнбеков менен жолугушкан. Анда тараптар аталган долбоор тууралуу да кеп кылганы маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0