Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЭт сатуучу. Архив
Эт сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги сатуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүп, мал жана эт Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга чыгып жатканын кабарлаган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бодо мал менен майда жандыкты Өзбекстанга экспорттоого тыюу салуу боюнча чечим кабыл алынган эмес. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымына караганда, ведомство бодо жана майда малды экспорттоого тыюу салуу маселесин өкмөттүн талкуусуна жөнөткөн.

"Этке болгон баа өстү. Малды контрабандалык жол менен коңшу өлкөлөргө алып кетип жатышат. Чек арадан күн сайын 20-30 малды өткөрүп кетишет. Буга байланыштуу бул маселени бардык структуралар, анын ичинде күч органдары дагы талкуулашы керек", — деди Муканбетов.

Буга чейин маалымат жыйын учурунда экспортчулар менен импортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова малдын экспортуна тыюу салынса жеке экспортчулардын иши токтой турганын билдирген. Ал чектөө киргизүүнүн ордуна мамлекеттик кызматтар аткезчилик менен күрөшсүн деген сунушун берген. Экономика министри Ниязбекованын оюна кошула турганын билдирди.

ЕАЭБдин ички рыногуна пандемиянын кандай пайдасы тийди. Статистика

Белгилей кетсек, кыргызстандыктар эттин баасы 400 сомго чейин жеткенин айтып, бир нече ирет бул боюнча кеп козгошкон.

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги сатуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүп, мал жана эт Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга чыгып жатканын кабарлаган. Айрым фермерлер мал алып, коңшу мамлекеттерге саткан ортомчулардын саны өскөнүн да айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0