Мамкомитет дизель май кымбаттайт деген маселе боюнча үн катты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМай куюучу жайында дизель сатуусу. Архив
Май куюучу жайында дизель сатуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеп импорттолгон дизель майы тиешелүү процедуралар аткарылбагандыктан, өлкө ичинде баасы кымбаттап кетет деген маалымат туурасында болуп жатат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Дизель майынын кымбаттайт деген маселенин айланасында КРдин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын алдын ала кабарлаганбыз деген билдирүүсүнө Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай комитети жооп берип, тишелүү маалыматты албагандыгын айтып чыкты. Бул тууралуу аталган ведомство бүгүн билдирүү тараткан.

"Мамлекеттик компания дизель майынын көлөмүн көбөйтүү боюнча демилге алардан чыккандыктан Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынан (КНА) тиешелүү маалыматты сураган. Бирок ассоциация бүгүнкү күнгө чейин сураган маалыматты берген жок", — дешти Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай комитетинен.

Кеп Россиядан импорттоло турган дизель майы тиешелүү процедуралар аткарылбагандыктан, бажы алымы менен кошо келип, анын кесепетинен өлкө ичинде баасы кымбаттап кетиши туурасында болуп жатат.

БУУ кыргыз дыйкандарына тонналап жер семирткич жана дизель берди

Эске салсак, биринчи тарап — КНА июнь айында аталган комитетке үстүбүздөгү жылдын индикативдик балансын кошумча карап берүү боюнча кайрылып, кат жөнөткөндүгүн маалымдаган. "Бул кадам бажы алымысыз импорттолгон дизель майынын учурдагы темпинин көлөмү сентябрда түгөнүшү мүмкүндүгүнө байланыштуу жасалганын" айтышкан.

Мамлекеттик комитет адатта нефть жана нефть заттарын алуу боюнча тараптар (КР-РФ өкмөтү — ред.) республика керектей турган көлөм менен номенклатурасын 1-октябрга чейин индикативдик баланста беките турганын белгиледи. Буга мунай сырьесу, автомобиль бензини, дизель жана реактивдүү кыймылдаткычтардын майы кирет.

Кыргыз экономикасынын артка кеткен тармактары. Тизме

Экинчи тараптын айтымында, ар бир календардык жылга индикативдик баланска тактоо киргизүү ошол календардык жылдын 15-августуна чейин КРдин аймагындагы ички керектөөнүн (анын ичинде күйүүчү жана майлоочу майлар кирет) негизделген өзгөрүүсүнүн эсеби менен жасалат.

"Экономика министрлиги менен Салык кызматынын маалыматына караганда, 2019-жылы автобензин менен дизель майынын ташып келинген көлөмү аталган жылдын индикативдик балансынан ашкан эмес. Аны менен катар эле 2020-жылдын жети айында келген көлөмү Нефтетрейдерлер ассоциациясынын көрсөткүчтөрүнөн алда канча төмөндүгүн белгилей кетүү керек", — деп айтылат мамлекеттик комитет тараткан билдирүүдө.

Алар 2020-жылдын жети айы үчүн автобензин менен дизель майынын ташып келинген көлөмү 2020-жылга жасалган индикативдик баланстагы бекитилген чектен ашпастыгын Экономика министрлиги менен Салык кызматы божомолдоп жаткандыгын кошумчалашкан.

"Муну менен катар эле мунай заттарынын аталган түрлөрү боюнча ассоциация билдирген көрсөткүч өлкөдөгү күйүүчү жана майлоочу майдын республикадагы көрсөткүчү болуп саналбайт. Себеби бул продукциялар башка, үчүнчү өлкөдөн да экспорттолушу мүмкүн", — деп айтылган ага улай.

Бул саботаж! Салык кызматы май куюучу айрым жайлар боюнча пикирин билдирди

Алар Россиянын Энергетика министрлиги менен 2021-жылга индикативдик пландын балансын түзүү боюнча сунуш берилгендигин, учурда бул боюнча жооп күтүп жаткандыктарын кошумчалашкан.

18-сентябрга карата Кыргызстандагы нефтекомпаниялардын сайтында дизель майынын баасы 33.50, 34.50, ал эми кышкы түрү 46 сомдон деп көрсөтүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0