ЕАЭБ менен Кытай: кызматташуунун бир нече тармагы талкууланды

© AFP / Johannes EISELEЖүк ташуучу контейнерлер. Архив
Жүк ташуучу контейнерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конференциянын катышуучулары кибер коопсуздук, технологияларды өнүктүрүү жана башка дагы маанилүү деген бир канча тармактагы кызматташуу маанилүү экендигине токтолушту.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөр акырындап шериктештиктин ичинде улуттук валюта менен эсеп-кысап кылууга өтүп жатат. Буга эми Кытай менен соода-алакада умтулуу керек.

Бул туурасында ЕЭК интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев "ЕАЭБ өлкөлөрү жана Кытай кайсы жолду тандайт" деп аталган онлайн-конференцияда билдирди.

Талкуунун негизги темасы "Бир алкак, бир жол" деп аталган демилгенин дүйнөлүк айыл чарба көндүмүнүн шартында ЕАЭБ-Кытайдын тармактар аралык келечеги менен АКШ-Кытайдын сууп бараткан мамилесин талкуулоо болду. Конференцияга Кытай бийлигинин, ЕАЭБ мамлекеттеринин жана ЕЭКтин алдыңкы эксперттери менен мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

ЕАЭБ ири бирикмелер менен кызматташуусун күчөтүшү керек

"Эл аралык экономикалык кызматташтыктын жаңы оромун аныктоого мүмкүнчүлүк бере турган "Бир алкак, бир жол" деп аталган Кытай демилгесин ЕАЭБге пайдаланып, өз ара кызматташуу идеясын толуктай турган мезгил келип жетти", - деген Глазьев.

Ал транспорттук-логистикалык системаны жаңылоо, евразиялык аймактын энергетикалык коопсуздугу үчүн түтүктөрдү куруу боюнча бир топ иштер жасалгандыгын белгилеген.

"Бүгүнкү күндө болжол менен Кытай жана Европа биримдигинин биздин аймак аркылуу 50 контейнерлик поезди өтөт. Тагыраагы, транспорттук агымды жакшыртуу жетишилди. Биз контейнердик поезддердин борбордук Кытай менен борбордук Россиянын ортосунда бир аптада болушуна мүмкүнчүлүк жараткан ылдамдыкка жетиштик", - деди ЕЭК министри.

Глазьев улуттук валютада эсептешүүгө өтүүнүн маанилүүлүгүн айтты.

"ЕАЭБде өлкөлөр шериктештиктин ичинде жана Кытай менен соода-сатыкты акырындап улуттук валютада эсеп-кысап жүргүзүү көлөмүн өстүрүүдө. Бизге ири соода түзүмдөрү жана финансылык жөнгө салгычтар менен кызматташуу зарыл. Айтайын дегеним, биринчи кезекте чийки товарлар менен соода кылуу. Мунун негизинде өз ара товар алмашуу турат", - деген ал.

Путин ЕАЭБ алкагында кайсы товарды өндүрүүгө басым жасоо керектигин айтты

Россиялык рубль менен алганда, ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара соодасында 2019-жылы көлөм 72,4 пайызды түзгөн, бул 2015-жылга салыштырмалуу 4,4 пайыздык пункта көбөйгөн.

Министр, мындан сырткары, экономикалык кызматташуу боюнча инфратүзүмдү түптөө зарылдыгын айтып, сооданы товар менен жүргүзүү системасын жөнгө салган өзүмдүк системанын зарылдыгын эске салды. Андан тышкары мамлекеттердин узак мөөнөттүү финансылык туруктуулугун камсыздай турган бааны калыптандырууну системасы керектигин кошумчалады.

Конференциянын катышуучулары кибер коопсуздук, технологияларды өнүктүрүү, электрондук соода жана башка дагы маанилүү деген бир канча тармактагы кызматташуунун маанилүү экендигине токтолушту.

Чечим кабыл алынды. Кытайга алдыртан көз салган мамлекеттердин аракети

Гуманитардык өз ара кызматташуулар боюнча Кытай-Россиялык изилдөө борборунун жетекчиси, Борбордук коммунисттик партиянын эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси Чжоу Ли Кытай-АКШнын суук-селки тарткан алакасынан улам дүйнөдөгү кырдаалга токтолду. Ал эл аралык мамилелер менен өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишпөө зарылдыгы туурасында билдирүү жасады.

"Ири евразиялык өнөктөштүк" менен "Бир алкак, бир жол" деп аталган кытайлык демилгенин максаттары көп жерден бир чыгат. Биз ЕАЭБ өлкөлөрү жана анын байкоочулары менен страгиялык кызматташуунун өнүгүшүнө басым жасайбыз", - деген Чжоу Ли.

Аталган иш-чараны Кытай элдик университетинин "Чуньян" финансылык изилдөөлөр институтунун алдында түзүлгөн Гуманитардык өз ара кызматташуу боюнча Кытай-Россиялык изилдөө борбору уюштурду. Онлайн-конференциянын жалпы көрүүчүлөрүнүн саны 177 миң адам болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0