Кыргызстанда сомдун көлөмү 150 миллиарддан ашып, жаңы рекорд койду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызская национальная валюта
Кыргызская национальная валюта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки рекорд август айында болгон. Бирок бир ай ичинде Улуттук банктын үч маанилүү көрсөткүчүнүн ар бири 3 миллиард сомго өскөн.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 1-сентябрга карата накталай акчанын саны боюнча абсолюттук рекорд жаралды. Бул тууралуу Улуттук банк жарыялаган үч маанилүү көрсөткүчтө белгиленет.

Быйыл бардык көрсөткүчтөр бир нече жолу рекорд жаңыртты. Буга чейинкиси август айында катталган болчу.

КРде алтындын кору жыл ичинде 13,5 миллиард сомго кымбаттады

Жүгүртүүдөгү акчанын саны — 133 миллиард 376,3 миллион сом (бир ай ичиндеги көбөйүү 3 миллиард 177,5 миллион).

Акча базасы — 147 миллиард 744,1 миллион сом (көбөйүү 3 миллиард 245,6 миллион).

Кеңири аныктамадагы акча базасы — 154 миллиард 736,2 миллион сом (көбөйүү 3 миллиард 326,8 миллион).

Белгилей кетсек, он жыл ичинде бардык критерийлер боюнча көлөм кескин өскөн. Маселен, 2010-жылдын сентябрынын башында кеңири аныктамадагы акча базасы 43,4 миллиардды түзгөн.

Аныктама

Жүгүртүүдөгү акча — бул калктын каражаты, анда насыя берүүчү уюмдардын кассаларындагы калдыктар да эсепке алынат.

Акча базасы — жүгүртүүдөгү акча жана финансы (депозиттик) уюмдарынын резерви.

Кыргызстан биринчи жарым жылдыкта 10 тоннадан ашуун алтын сатты

Кеңири аныктамадагы акча базасы — жүгүртүүдөгү акча, ага кошумча Улуттук банкта турган бардык резервдер (чет элдик валюталар жана сом) жана финансы уюмдарынын депозити.

Жаңылыктар түрмөгү
0