Элдин инвесторлорго мамилеси өзгөрдү. Жээнбеков Боронов менен онлайн жолукту

Жазылуу
Премьер-министр Жээнбековго парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдыктар тууралуу, Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондоруна болгон иш сапарынын жыйынтыгы жөнүндө айтып берген.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, онлайн кеңешмеде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал талкууланып, күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу сөз болгон. Ошондой эле өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселеси да козголгон. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү
Элдин инвесторлорго мамилеси өзгөрдү. Жээнбеков Боронов менен онлайн жолукту - Sputnik Кыргызстан
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү

Премьер-министр Жээнбековго парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдыктар тууралуу, Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондоруна болгон иш сапарынын жыйынтыгы жөнүндө айтып берген.

Боронов жергиликтүү тургундар тоо-кен компанияларынын ишмердигине түшүнүү менен мамиле кылып баштаганын белгиледи.

Программаларды эл түшүнбөй жатат! Боронов Жалал-Абаддагы банктын ишин сындады

Өз кезегинде президент инвесторлордун ишмердигинде социалдык жагдайдын эске алынышы керектигин айтып, эл арасында да тоо-кен иштетүү тармагына инвестиция тартууда чагымчыл чакырыктарды көзөмөл кылуу керектигине токтолгон.

Мамлекет башчы шайлоо мыйзамдарынын бузулбашына өзгөчө көңүл буруу керектигин да белгилеген.

"Жээнбеков дары-дармек каражаттарын, медициналык жабдууларды жетиштүү көлөмдө даярдап алууга, аймактардагы ооруканалардын курулушу менен ремонт иштерин тез бүткөрүүгө дагы бир жолу көңүл бурду",— деп айтылат маалыматта.

Президент өкмөткө күз-кыш мезгилине талаптагыдай кам көрүү тапшырмасын берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0