Өкмөт "РСК Банкты" кайра түзүп чыгат. Кандай өзгөрүүлөр болот?

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүБанк имаратын оңдоо. Архив
Банк имаратын оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"РСК Банктын"  акцияларынын 100 пайызы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү. Аны кайра түзүүнүн негизги максаты - ата мекендик экспортчуларды колдоо боюнча финансылык механизмдерди ишке киргизүү.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Өкмөт мамлекеттин үлүшү бар "РСК Банкты" экспорттук-импорттук банк кылып кайра түзүп чыгууну пландап жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Ишкерлерге консультациялык коштоо иштерин киргизүү үчүн мамлекеттин үлүшү бар банктарды кайра түзүп чыгуу пландалууда. Учурда "РСК Банкты" кайра түзүү боюнча иштер жүрүп жатат", — деди Боронов.

Анын айтымында, негизги максат — ата мекендик экспортчуларды колдоо боюнча финансылык механизмдерди ишке киргизүү.

"РСК Банк" ААКынын акцияларынын 100 пайызы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0