Жыл башынан бери КР кайсы мамлекеттерге канча азык-түлүк экспорттоду. Тизме

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Исфана в Лейлекском районе Баткенской области
Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл кыргызстандык дыйкан-фермерлер өз товарларын ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө, Европа биримдигине, Түркмөнстан жана АКШга жөнөткөнү айтылат.

БИШКЕК, 22-авг. – Sputnik. Кыргызстандын ушул жылдын жети айында экспорттогон айыл чарба продукциясынын көлөмү 400,8 миң тоннага жетти. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык дыйкан-фермерлер өз товарларын ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө (Россия, Казакстан, Беларусь, Армения), Европа биримдигине, Түркмөнстан жана АКШга жөнөткөнү айтылат.

Быйыл Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө мурдагыдан көбүрөөк өрүк экспорттоду

Товарлардын тизмеси:

  • үрөн — 248 тонна;
  • дан өсүмдүктөрү, буурчак – 134,3 миң тонна;
  • техникалык тоют — 7,2 миң тонна;
  • жашылчалар — 109,3 миң тонна;
  • бакча өсүмдүктөрү — 11,5 миң тонна;
  • картошка — 22,8 миң тонна;
  • жемиштер — 60,2 миң тонна;
  • кургатылган мөмө-жемиштер — 34,2 миң тонна;
  • жаңгак — 15,5 миң тонна;
  • башка тамак-аш азыктары — 4,3 миң тонна.

Мындан тышкары, 1 000 тонна цитрус өсүмдүктөрү реэкспорт болгону кошумчаланды.

Кыргызстан биринчи жарым жылдыкта 10 тоннадан ашуун алтын сатты

Министрликтен билдиришкендей, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен айыл чарба продукцияларын тоскоолдуксуз экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөндүктөн, ишкерлердин товарын ташууда кыйынчылык жаралган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0