Быйыл Кыргызстанда электр энергиясы аз өндүрүлдү. Себеби эмнеде?

© Sputnik / Игорь АгеенкоСброс воды на Бурейской ГЭС
Сброс воды на Бурейской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмил Осмонбетовдун айтымында, 1-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2,4 миллиард куб метрди түздү. Бул өткөн жылдын 1-августуна салыштырмалуу 2,4 миллиард куб метрге аз.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ушул жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү азайды. Бул тууралуу брифинг учурунда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

Январь-июль айларында 9 миллиард киловатт-саат энергия өндүрүлдү.

"Бул былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 102,8 миллион киловатт-саатка азыраак", — деди Осмонбетов.

COVID-19дун айынан Кыргызстанда майнинг-фермалар эми салык төлөмөкчү

Анын айтымында, 2020-жылдын 1-августуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2,4 миллиард куб метрди түздү. Бул дагы өткөн жылдын 1-августуна салыштырмалуу 2,4 миллиард куб метрге аз.

Кыргызстандын энергетика тармагынын азыркы абалы боюнча кененирээк Sputnik редакциясы даярдаган макаладан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0