Жээнбеков рынок атаандаштыгына өлкөнүн кайсы тармагы туруштук берерин айтты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУборка капусты в Новосибирской области
Уборка капусты в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы белгилегендей, айрыкча өнүккөн жана жашоо деңгээли жогору өлкөлөр экологиялык таза азык-түлүккө кызыкдар.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстан рынокто экологиялык таза айыл чарба азыгы менен атаандаштыкка туруштук бере алат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирген.

Ал келечекте ушул багытка басым жасалып жатканына токтолду.

"Кыргызстан экологиялык таза айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоону көбөйтөт. Экологиялык таза айыл чарба азыктары бул кайсы өлкөдө болбосун, чоң суроо-талапка ээ. Айрыкча, өнүккөн мамлекеттер менен жашоо деңгээли жогору өлкөлөр ушундай экологиялык таза продукцияга кызыкдар", — деди президент.

Жээнбеков Кытай өлкө үчүн ири рынок экендигин айтып, өндүрүлгөн азык-түлүктү ал жакка чыгаруу боюнча иш башталганын кошумчалады.

Ошондой эле ЕврАзЭСтин алкагында уюмга мүчө эмес өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүү аракети бар экенин белгилеген.

Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда

"Тышкы рынокко чыгуу үчүн ошол талаптарга жооп берген азык-түлүктү өндүрүп, көлөмүн көбөйтүшүбүз керек. Ал үчүн өндүрүү технологияларын жакшыртуу, жетиштүү сырьелор менен камсыз кылуу зарыл. Бул маселелерди кластердик долбоорлор аркылуу чечебиз. Ага каржылоо булактары аныкталып, жеңилдиктер, дем берүү инструменттери каралган. Сыртка чыгыш үчүн өзүбүзгө логистикалык борборлорду салуу боюнча долбоорлор иштеп жатат, каражат бар", — деген өлкө башчы.

Ал экономиканы ишкерлер өргө тартарын белгилеп, аларга ички ресурстардан колдоо көрсөтүү боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0