Япония Кыргызстанга 2,9 млн доллар грант бөлөт. Акча эмнеге жумшалат?

Жазылуу
Буга чейин аталган долбоордун алкагында жергиликтүү 210 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер Японияга жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Япониянын ортосунда 2,9 миллион долларлык грант келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал акча каражатты Япония тарап берип, "Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программасы" долбооруна жумшалат.

Германия Кыргызстанга 42 миллион евро грант бөлөт. Каражаттар кайда сарпталат

"КРдеги мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринин кадрлары даярдалып, кыргызстандыктар Япониянын эл аралык университеттеринде магистратура жана докторантурада билим алууга мүмкүнчүлүк алат. Окуу коомдук башкаруу, эл аралык мамилелер, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, экономика, айыл чарба жана экологиялык саясат сыяктуу чөйрөлөргө каралган", — деп жазылган билдирүүдө.

Чет өлкөдө окуй тургандар сынак аркылуу тандалып, талапкерлердин академиялык жөндөмдүүлүгү эске алынат.

Министрлик: дем берүүчү гранттардын эсебинен 196 долбоор каржыланат

Буга чейин аталган долбоордун алкагында жергиликтүү 210 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер жөнөтүлгөн. Учурда КРдин 18 жараны магистратурада, экөө изилдөөчү докторантурада билим алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0