Мэрия: бишкектик ишкерлер июлда 395 миң сом айыпка жыгылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча санап жаткан аял. Архив
Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриядан билдиришкендей, июль ичинде шаар боюнча санитардык эрежени бузгандардын көпчүлүгү кафе жана тез татым түйүндөрү.

БИШКЕК, 6-авг. – Sputnik. Июль айынын ичинде бишкектик ишкерлер санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн 395 миң сомго айыпка жыгылды. Бул тууралуу шаар жетекчилигинен билдиришти.

"Эреже бузгандардын көпчүлүгү кафе жана тез татым түйүндөрү. Ошондой эле ишмердүүлүгүнө уруксат берилбеген, бирок жашыруун иштеп жүргөн компьютердик клубдарда дагы тартип сактабагандык байкалууда", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Пандемия учурунда коюлган талаптардын сакталышына көз салган Санитардык-экологиялык инспекция иштей баштагандан бери 289 протокол түзүлүп, 1 миллион 287 миң сом айып салынганы айтылат.

"Бишкек асфальттын" жетекчиси жолдогу чуңкур үчүн айыпка жыгылды. Сүрөт

Санитардык-экологиялык инспекциясынын байланыш номерлери:

  • Биринчи май району: 0555 404 818;
  • Свердлов району: 0551 551 745;
  • Октябрь району: 0 500 210 470;
  • Ленин району: 0500 085 580.
Жаңылыктар түрмөгү
0