Жээнбеков: 2021-жылы ишкерлерге өзгөчө көңүл бурулуп, каржылоо көбөйөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБир миң сомдук купюралар. Архив
Бир миң сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы кыйын кырдаалда ишкерликти колдоо үчүн бир топ аракеттер жасалып жатканын белгилеп, каржы институттары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. 2021-жылы "Ишкерлик субъектилерди каржылоо" атайын программасын каржылоонун көлөмү 40 миллиард сомго чейин көбөйөт. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анда өлкө башчы кыйын кырдаалда ишкерликти колдоо үчүн бир топ иштер жасалып жатканын белгилеп, каржы институттары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган.

"Ошол жактардан дагы каражат тартабыз. Программанын алкагында коммерциялык банктарга Финансы министрлиги тарабынан 2,2 миллиард сом бөлүндү", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы аталган программанын алкагында эң алгач жеңил өнөр жайы, туризм, фармацевтика өнөр жайы, жүк ташуулар, өндүрүштүк жана кайра иштетүү ишканаларына өзгөчө басым жасаларын баса белгиледи.

Жээнбеков: абал турукташа баштады деп айтуу азырынча эрте

"Бул каражатты жумушчу орундарын түзүүгө, айрыкча продукциясын экспортко чыгарып жаткан ишкерлерге жана импорттун ордун толтуруп жаткан ишканаларга жумшайбыз. Бул боюнча иш токтобойт, баары көзөмөлүмдө. Өкмөткө жардам бериш үчүн мен дагы финансы булактарын сырттан издөө боюнча иштерди жүргүзүп жатам", — деген президент.

Ал каражат ээсине даректүү жетиш үчүн тааныш-билиштиктин таасирлерине да токтолуп, бул маселе вице-премьер Эркин Асрандиевдин көзөмөлүндө экенин белгилеп кеткен.

"Бул процесстердин баары банктар аркылуу көзөмөлдөнүшү керек. Тиешелүү жумуш ордун түзүп, жакшы иштеп экспортко чыгып жаткан, импортту толтурган ишкерлер менен ишканаларга каражаттар тез жетиши керек. Муну көзөмөлдөп жатам, иш башталды. Жети айдын жыйынтыгы боюнча бул маселеге дагы кайрылып келебиз", — деди Жээнбеков.

Жээнбеков: 1-классты мектептен окутууну министрге да, премьерге да айттым

Белгилей кетсек, ушуну менен өлкө башчы ар кыл тема боюнча "Биринчи радиого" үчүнчү ирет маек куруп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0