Өкмөт Төө-Ашууга акы төлөнүүчү туннель курууну пландап жатат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТуннельдеги автоунаалар. Архив
Туннельдеги автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баатырбеков эл аралык стандарттарга жооп берген объект курулса жүк ташуу мүмкүнчүлүгү жогору болорун кошумчалады.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууга акы төлөнүүчү туннель куруу боюнча инвестициялык демилгени карап, кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Баатырбеков аталган трасса республиканын түндүк жана түштүк бөлүгүн байланыштырган негизги транспорттук каттам болуп саналарын айткан.

"Бул жолдун стратегиялык мааниси чоң. Ошондуктан оор жүк ташуу, коопсуздук, аба ырайынын катаал шартында каттамдын бузулушун алдын ала турган альтернативдүү туннель куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду кароо жана талкуулоо чечими кабыл алынды", — деди биринчи вице-премьер.

Боронов курула турган ооруканалардын сапаттуу болушун талап кылды

Ал эл аралык стандарттарга жооп берген объект курулса, жүк ташуу мүмкүнчүлүгү жогору болорун кошумчалады.

"Бул долбоорду ишке ашырсак, экономикалык жигердүүлүккө жакшы таасирин тийгизип товар көлөмүнүн көбөйүшүн шарттайт. Ошондой эле ички туризмди өнүктүрүүгө салым кошот. Бул жаатта долбоорлорду жүзөгө ашырууну тажрыйбасы бар чет элдик инвесторлорго сунуштайбыз", — деди Баатырбеков.

Белгилей кетсек, Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда азыркы тапта бир туннель бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0