Келерки жылдан тарта ЕАЭБге товар киргизүү шарттары өзгөрөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкерлер декларациядагы "Өндүрүлгөн өлкөнүн коду" деген жерди толтурушу керек. Бул нерсе аларга товары тууралуу толук маалымат берип, кийин ар кандай кошумча суроолордон кутулууга шарт түзөт.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагына товар алып кирүү учурунда документтерди толтуруунун эрежелери 2021-жылдын 1-январынан тарта өзгөртүлөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиядан билдиришти.

Тагыраагы, 1-январдан баштап биримдиктин аймагына товар алып келе жаткан тарап бажы декларациясын толтуруу маалында товар өндүрүлгөн өлкө менен катар анын бажы төлөмдөрү боюнча кандай жеңилдиктерге укугу бар же жок экенин көрсөтүшү керек.

Бул үчүн ишкерлер декларацияда мурда белгиленбей келген 34-графаны ("Өндүрүлгөн өлкөнүн коду") толтурушу керек. Бул нерсе ишкерлерге товары тууралуу толук маалымат берип, кийин ар кандай кошумча суроолордон кутулууга шарт түзөт.

ЕАЭБ рыногуна кыргызстандык канча ишкана товар экспорттой алат. Тизме

Мындай чечим ЕЭКтин 2019-жылдын июль айындагы жыйыны маалында кабыл алынган. Ал ушул жылдын 2-февралынан тарта күчүнө кириш керек болчу, бирок биримдикке мүчө өлкөлөрдүн айрымдары даяр эместигин билдирген соң кийинкиге жылдырылган.

Эске салсак, биримдикке Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия мүчөлүк кылат. ЕАЭБ рыногунда керектөөчүлөрдүн саны 2019-жылкы маалыматка караганда, 182 миллион адамдан ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0