Мамлекет жарым жылда баалуу кагаз чыгаруудан 4,7 млрд сом пайда көрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековБеш миң сомдук купюралардын пачкасы. Архив
Беш миң сомдук купюралардын пачкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 15,4 миллиард сомун мамлекеттик баалуу кагаздар менен толтуруу пландалган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын алты айында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан республика бюджетине 4 миллиард 704 миллион 82 миң сом келип түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинен мамлекеттик казыналык векселдерди жайгаштыруунун эсебинен 991,34 миллион сом алынган. Ал эми мамлекеттик казыналык облигациялардан 3 миллиард 713,48 миллион сом түшкөн.

Баалуу кагаздардан кыргызстандыктар кандай пайда көрсө болот? Түшүндүрмө

Белгилей кетсек, Финансы министрлиги быйыл республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 15,4 миллиард сомун мамлекеттик баалуу кагаздар менен толтурууну пландаган.

Мамлекеттик казыналык вексель (МКВ) — кыска мөөнөттүү, пайызсыз (дисконттук) мамлекеттик баалуу кагаздар. Бир вексель 100 сомго барабар. Жүгүртүү мөөнөтү бир айдан 12 айга чейин. Дисконтту жарандар номиналдык наркынан төмөн баада сатып алып, номиналдык наркы боюнча төлөйт. Ушунун эсебинен 4-5 пайыздык киреше түшөт.

Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө канча акча жумшалды

Мамлекеттик казыналык облигация (МКО) — пайыздык кирешеге (купонго) ээ узак мөөнөттүү (1 жылдан ашык) баалуу кагаздар. Анын кирешелүүлүгү жүгүртүү мөөнөтүнө карап 6-11 пайыздык коюм менен аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0