Жээнбеков Бирдиктүү евразия патенти боюнча маанилүү документке кол койду

Жазылуу
Документке ылайык, бир нече өлкө менен сооданы өнүктүрүүгө, региондо инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түзүлмөкчү.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков “Евразия патенттик конвенциясынын Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколун ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган протоколго 2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган. Ал эми мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

“Протоколдун негизги максаты — өнөр жай менчик объектилерин коргоонун евразия системасын бекемдөө жана кеңейтүү. Макулдашуучу мамлекеттердин аймагында бирдиктүү евразия патентинин негизинде өнөр жай үлгүлөрүн коргоонун мамлекеттер аралык системасын түзүлөт.  Ошондой ички рынокторун өнүктүрүү, соода жана инвестициялык иштерди жандантууга өбөлгө болот”, — деп жазылат маалыматта.

ЕЭК жалпы электроэнергетика рыногун түзүү боюнча иш-чаралардын жол картасын жактырды

Макулдашуучу мамлекеттердин курамына Азербайжан, Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан, Россия, Түркмөнстан мамлекеттери кирет.

Аны менен катар Евразия патенттик конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн аймагында сооданы өнүктүрүүгө, ошондой эле региондо инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түзөрү айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0