Мексика да бар. Кыргызстан сыра сатып алган өлкөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСыра ичип жаткан адамдар. Архив
Сыра ичип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сырттан келген 327,9 миң литр сыранын баасы бир жарым миллион доллардан бир аз ашкан (110,1 миллион сом). Ал эми өткөн жылдын төрт айында аталган ичимдик 2,5 миллион литр көлөмүндө келген.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанга төрт айда чет өлкөдөн 2 миллион 327,9 миң литр сыра алып келинди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Аталган товар төмөндөгү мамлекеттерден импорттолгон:

  • Германия — 7,2 миң литр;
  • Казакстан — 229,6 миң литр;
  • Литва — 4,4 миң литр;
  • Мексика — 12 миң литр;
  • Нидерланддар — 23,8 литр;
  • Россия —2 миллион 75,6 миң;
  • Финляндия — 864 литр;
  • Чехия — 115,8 литр.

Кыргызстан төө буурчакты Түркиядан башка дагы 24 өлкөгө сатат. Тизме

Ал товарлардын жалпы баасы бир жарым миллион доллардан бир аз ашкан (110,1 миллион сом).

Өткөн жылы төрт айда КРге башка мамлекеттерден 2,5 миллион литрдей сыра келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0