Кыргызстанга инвестиция жасаган өлкөлөр жана акчанын көлөмү. Статистика

© Фото / PixabayДоллар купюралар. Архив
Доллар купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сырттан келген каражаттардын басымдуу бөлүгү кайра иштетүү, соода-сатык, геологиялык чалгындоо, финансы, камсыздандыруу жана курулуш тармактарына жумшалган.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын биринчи үч айында 148,3 миллион АКШ доллар түз инвестиция катары келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Кыргызстанда алтын менен акча табууга болобу? Кеңири саресеп

Билдирүүгө ылайык, ал сумма 2019-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 16,1 пайызга аз. 2020-жылы сырттан келген каражаттын басымдуу бөлүгү кайра иштетүү, соода-сатык, геологиялык чалгындоо, финансы, камсыздандыруу жана курулуш тармактарына жумшалган.

Чет элдик инвестициянын көбү Канада (57,4 пайыз), Түркия (9,1 пайыз), Нидерланд (8,8 пайыз), Кытай (5,3 пайыз) жана Улуу Британиядан (3,1) которулган.

Буга чейин мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылы пландалып жаткан сырттан келчү тикелей инвестициянын 50 пайызы гана ишенимдүү болуп тургандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0