Доллар 79 сомго чыгып, апта башынан бери дээрлик 3 сомго кымбаттады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШ долларынын белгиси. Архив
АКШ долларынын белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта башында эле Бишкек шаарынын банктарында жана акча алмаштыруу жайлары долларды 75,54 сомдон алып, 76,18 сомдон сатып жатышкан.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкекте доллардын курсу 79 сомго чыкты. Бул Valuta.kg порталындагы маалыматта айтылат.

Бүгүн эртең менен Бишкектин банктарында жана акча алмаштыруу жайларында бир АКШ доллары 77,59 сомго алынып, 78,28 сомдон сатылып жаткан. Ал эми апта башында доллардын курсу 75,54 жана 76,18 сом эле.

Саат 12:20га карата доллардын курсу:

  • сатып алууда — 78 сомдон 78,5 сомго чейин;
  • сатыкта — 78,9 сомдон 79 сомго чейин.

Кыргызстан пандемия учурунда сырттан алган каражатты кандай сарптады

Москвалык биржа ишин баштай элек, бирок кечээки (эртеңки күндү да эске алган болжол менен) маалыматтар боюнча, доллар 71,28 рублге барабар болгон. Дүйшөмбү күндөгү акыркы алмаштырууларга салыштырмалуу 1,28 рублге кымбаттады.

Кечээки курска салыштырмалуу доллар 14-22 тыйынга жогорулаган.

  • Мунайга болгон баа — фьючерстер (Бишкек убактысы боюнча 12:21):
  • Сентябрдагы фьючерстер Brent үлгүсүндөгү мунай (Европа жана Азиядагы баанын аныкталышына таасирин берет) — 41,58 (0,31 долларга өскөн);

Light Sweet Crude Oil мунайы (Батыш жарым шарындагы бааларга таасир этет) — 39,61 (0,34 долларга өскөн).

Сомдун курсу көбүнесе рублден көз каранды болот, ал эми рублдин куну өз кезегинде мунай рыногундагы абалга карата өзгөрөт.

Эске салсак, 10-мартта доллар 3 сомго кымбаттап, 73 сомго чейин жеткен, кийинчерээк эки ирет 85 сомго чыгып, акырындык менен арзандаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0