Доллардын баасы 80 тыйынга кымбаттады

© AFP / YURI CORTEZАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен Бишкектин банктарында жана акча алмаштыруу жайларында АКШ долларынын курсу сатып алууда 75,54 сом, ал эми сатууда 76,18 сом болду.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бүгүн, 29-июнда, Valuta.kg порталындагы 16:00дөгү маалыматтарга ылайык, доллардын курсу Кыргызстанда бир аз жогорулады.

Эртең менен долларды 75,54 сомдон сатып алып, 76,18 сомдон сатып жатышкан. Жума күнү АКШ акчасы 55-59 тыйынга арзан болгон.

Саат 16:00гө карата доллардын курсу өстү:

  • Сатып алууда — 76,1 сомдон 76,65 сомго чейин;
  • Сатууда — 76,8 сомдон 77 сомго чейин.

Москва биржасындагы доллардын курсу (Бишкек убактысы боюнча 15:44):

  • Бүгүнкүгө — 70,01 рубль;
  • Эртеңкиге — 70,02.

Буга чейинки күндөрдөгү соңку аракеттерге салыштырмалуу доллар 14-22 тыйынга жогорулаган.

Мунайга болгон баа, июль айынын фьючерстери (Бишкек убактысы боюнча 16:00):

  • Brent үлгүсүндөгү мунай (Европа жана Азиядагы баанын аныкталышына таасирин берет) — 40,84;
  • Light Sweet Crude Oil мунайы (Батыш жарым шаарындагы бааларга таасир этет) — 38,38.

Сомдун курсу көбүнесе рублдан көз каранды болот, ал эми рубль өз кезегинде мунай рыногундагы абалга карата өзгөрөт.

Кыргызстанда алтын менен акча табууга болобу? Кеңири саресеп

Эске сала кетели, 10-мартта доллар 3 сомго кымбаттап, 73 сомго чейин жеткен, кийинчерээк, эки ирет 85 сомго чыгып, учурда акырындык менен арзандоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0