Боронов: мамлекеттик ишканалардын жарымы иштебей турат, маселеге чекит коелу

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов
Премьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы ишканалардын ийгиликтүү иштөөсү жетекчиден жана жалпы менеджменттен көз каранды экенин белгиледи.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. KPI системасы боюнча ар бир жетекчинин жана компаниянын ишине талдоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Боронов мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун 2019-жылдагы жана 2020-жылдын алты айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөргөн. 

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун 2019-жылдагы жана 2020-жылдан алты айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешмеде
Боронов: мамлекеттик ишканалардын жарымы иштебей турат, маселеге чекит коелу - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун 2019-жылдагы жана 2020-жылдан алты айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешмеде

Анда премьер-министр көптөгөн мамлекеттик ишканалар бюджетке жана экономикага киреше алып келбей турганын айтып, жеке өнөктөштүк менен чыгашалуу ишканаларды кайра иштетсе болорун баса белгилеген.

"Аларды кайра иштетүү үчүн ар кандай куралдар бар. Мисалы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасы. Бул аркылуу чыгашалуу ишканаларды кайрадан иштетүүгө болот. Ошондой эле жумуш орундары түзүлүп, салык көбөйөт, киреше түшө баштайт. Көпчүлүк ишканалардын ийгиликтүү иштөөсү жетекчиден жана жалпы менеджменттен көз каранды. Ошондуктан мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоо үчүн жер-жерлерде натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн киргизүү зарыл. Биз KPI системасы боюнча ар бир башчынын жана компаниянын ишине тыкыр талдоо жүргүзөбүз. Анын жыйынтыгы боюнча аларга карата тийиштүү чаралар көрүлөт", — деди деди өкмөт башчы.

Ал бүгүнкү күндө республика боюнча 104 мамлекеттик ишкана бар болсо, анын ичинен жарымынан көбү иштеп жатканын айткан.

"Ысык-Көл" кемечилиги мүлкүн аукционго коюп сатып, карызынан кутулду. Сүрөт

Ошондой эле 52 акционердик коомдун 19у мамлекетке эч кандай пайда алып келбей турганын, өкмөттүн балансындагы объектилердин 40 пайызы иштебей турганын баса белгилеген. Премьер-министр бул маселеге чекит коюп, мамлекеттик менчикти башкарууну өркүндөтүү тапшырмасын берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0