Кыргызстандан акча которуунун көлөмү бир топ азайды. Сандар

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жылдын бир эле айында которулган акчанын көлөмүн салыштыра турган болсок, быйылкы жылы бир топ азайган. Башкача айтканда, бул 2012-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

БИШКЕК, 23-июн. – Sputnik. Ушул жылдын апрель айында Кыргызстандан акча которуунун көлөмү 17,7 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Кеп жеке жактардын атайын системалар аркылуу акча которушу тууралуу болуп жатат.

Россиядагы Калининград шаарында мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогоруладыбы же түштүбү? COVID-19дун Россиядан которулган акчага таасири
2019-жылдын апрель айында өлкөдөн сыртка 46,8 миллион доллар чыккан. Эки жылдын бир эле айында которулган акчанын көлөмүн салыштыра турган болсок, быйыл бир топ аз экенин көрүүгө болот. Башкача айтканда, бул 2012-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

Январдан апрелге чейинки маалыматты салыштырганда, 2020-жылы сыртка чыккан акчанын көлөмү 132,3 миллион долларды түзгөн. Бул 2019-жылдагыдан 31 миллионго кем. Жалпылап айтканда, 2020-жылы акча которуунун көлөмү 2018-2019-жылдарга салыштырмалуу кескин азайган.

Жаңылыктар түрмөгү
0