Бул саботаж! Салык кызматы май куюучу айрым жайлар боюнча пикирин билдирди

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы талаптардан улам 23-июндан баштап бир катар май жана суюлтулган газ куюучу станциялар ишин токтоторун айткан.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Суюлтулган газ тармагы боюнча ишкерлердин кыргыз ассоциациясынын май куюучу жайларынын ишин токтотобуз деген билдирүүсүн коркутуу жана ишти үзгүлтүккө учуратуу катары баалайт. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин аталган ассоциация жетекчилиги автоматташкан башкаруу системасын (АБС) орнотуу талап кылынып жаткандыктан, 23-июндан баштап бир катар май куюучу жайлар менен газ куюучу станциялар ишин токтоторун айткан.

"Салык кызматы бул билдирүүнү АБСти колдонуу мөөнөтүн жылдыртуу максатында жасалган мамлекетке каршы коркутуу жана экономикалык саботаж катары эсептейт. Буга чейин мунай рыногундагы ишкерлер менен АБСти орнотууда чыгып жаткан көйгөйлөрдү талкуулоо жана чечүү жолдорун издөө боюнча тегерек столдор уюштурулган", — деп айтылат билдирүүдө.

Салык кызматынан билдиришкендей, учурда система 390 станцияга орнотулган.

ЕАЭБ мамлекеттирин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ички соода-сатыктагы көйгөйдү жоюу. ЕЭК бир катар чараларды сунуштады
"Ишкерлер мурдагы жолугушууларда макулдугун берген. Бул замандын талабы, биз ЕАЭБдин курамындабыз, анда техникалык регламенттер бар. "Газпромнефть Азия", "Партнер нефть", "ШНОС", "Бишкек-Петролеум", "Ред-Петролеум" сыяктуу ири компаниялар бул системаны өз станцияларына 90-100 пайыз коюп бүтүштү", — деп айтылат билдирүүдө.

Автоматташкан башкаруу системасын орнотуу боюнча алдынкы орунда Бишкек шаары (95 пайыз) турат. Ош шаары — 65, Чүй облусу — 55, Талас облусу — 28, Ысык-Көл облусу — 41, Нарын облусу — 27, Ош облусу — 22, Жалал-Абад облусу — 23 жана Баткен облусу — 20 пайызды түзөт.

Салык кызматы көбүнесе аткезчилик менен күйүүчү май сатылган аймактарда системаны орнотуу боюнча көрсөткүч төмөн экенин айтты.

Маалыматка караганда, аны ортонууга 50-140 миң сомдой каражат кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0