Боронов: мамлекеттик карыздын мөөнөтүн жылдырып, 54 млн доллар үнөмдөйбүз

© REUTERS / Yuriko Nakao / File PhotoЖүз долларлык купюралар. Архив
Жүз долларлык купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылга республикалык бюджеттин параметрлери коронавируска каршы багытталган карантиндик чаралардын натыйжасында социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүсүн эске алуу менен кайра каралган.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Тышкы карыздын мөөнөтүн ары жылдыруу менен Кыргызстан быйыл 54 миллион доллар үнөмдөй алат. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов парламентте көпчүлүк коалициянын жыйыны учурунда программасы менен тааныштырып жатып айтты.

"Азыр карыздарды тейлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын натыйжасында үнөмдөлгөн 53,8 миллион долларга жакын каражатты башка артыкчылыктуу багыттарга жумшайбыз", — деди Боронов.

Ал эми финансы министри Бактыгүл Жээнбаева кредиторлор менен мөөнөттү 2022-2024-жылдарга чейин жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок бул мөөнөт дагы аз экенин кошумчалады.

Беш жана бир миң сомдук купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эсеп палатасы былтыр бюджеттин 2,5 млрд сому ээсине жетпегенин аныктады
Кечээ, 15-июнда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыктар чуусунан улам кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Учурда анын ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлиги каралып жатат.

Эске салсак, 2020-жылга республикалык бюджеттин параметрлери коронавируска каршы багытталган карантиндик чаралардын натыйжасында социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүсүн эске алуу менен кайра каралган.

Аталган мыйзам менен 2020-жылдын республикалык бюджети кирешелер боюнча 135 346,8 миллион сом жана чыгашалар боюнча 163 039 миллион сом суммасында бекитилген. Ошондой эле учурда бюджеттин тартыштыгы 27 692,2 миллион сомду түзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0