Асрандиев: РКӨФтин каражатын КР экономикасына тартуу боюнча сүйлөшүү уланат

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши РКӨФтин папкасын кармап жатат. Архив
Киши РКӨФтин папкасын кармап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Май айында Россия тарап менен сүйлөшүүлөр болгон. Анда Россия өкмөтү каражатты кайтаруу кепилдиги, колдонуу механизмдери жана акчанын Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө сарпталары тууралуу далилдер боюнча маселе козгогон.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россиялык кесиптештер менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) каражаттарын кыргыз бизнесин колдоого жумшоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр болот. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-премьер Эркин Асрандиев билдирди.

Буга чейин Асрандиев Кыргызстанда бизнести колдоо боюнча антикризистик план иштелип жатканын, ага ички жана тышкы булактардан каражат тартыларын айткан. Анын ичинде аталган фонддун капиталы тууралуу сөз болгон.

"Май айында Россия тарап менен сүйлөшүүлөр болгон. Анда Россия өкмөтү каражатты кайтаруу кепилдиги, колдонуу механизмдери жана акчанын Кыргызстандын экономикасына сарпталарын далилдөөчү документ боюнча маселе козгогон", — деди вице-премьер.

Учурда Экономика министрлиги тиешелүү жана зарыл болгон документтерди даярдап жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0