232 миң сомго ноутбук алып, душ, ажаткана салдырып... Чыры көп "Кыргыз туризм"

© AP Photo / Marcio Jose SanchezApple MacBook Pro. Архив
Apple MacBook Pro. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жарым жыл мурун түзүлгөн "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы азыр ызы-чуунун чордонуна айланды. Ишкананын буга чейин өткөргөн тендерлерин коомчулук катуу талкуулап, түрдүү ой-пикир, нааразычылыктар жаралууда.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы киреше таба элек жатып ири каражатка кымбат техника алган ишкананын ишмердүүлүгүнө кызыгып, маселенин чоо-жайын тактап көрдү.

Кыргыз өкмөтү 2019-жылдын башында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын түзүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев анын директорлугуна Данияр Казаковду дайындаган. Ошондой эле өкмөт башчы Финансы министрлигине жаңы ишкананын уставдык капиталын түзүүгө акча табуу тапшырмасын берген.

Өлкөнүн туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүп, инвестиция тартуу милдеттери жүктөлгөн ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатканына аз эле убакыт болду. Ага карабай анын жетекчисине түрдүү сын-пикирлер, арыздануулар айтылып жатат.

Биздин редакцияга мамлекеттик ишкананын директору Данияр Казаковдун жасаган ишине, жүргүзгөн саясатына ичи чыкпаган айрым кызматкерлери нааразычылыгын айтып кайрылды. Өзүнүн аты-жөнүн атагысы келбеген жооптуу кызматкерлердин бири Sputnik Кыргызстан агенттигине буларды билдирди.

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев"Кыргыз туризм" мамлекеттик ишкананын директору Данияр Казаков
232 миң сомго ноутбук алып, душ, ажаткана салдырып... Чыры көп Кыргыз туризм - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз туризм" мамлекеттик ишкананын директору Данияр Казаков
"Айлыктарыбыз жарым-жартылай тийип, жетекчилик өткөн жылдагы премияларды кармап калабыз деп жатат. Негизи биз отурган имарат оңдоого муктаж эмес болчу. Ага бир топ акча жумшап директор өзүнө эс алуу бөлмөсүн, душ салдырды, толгон-токой эмеректерди койдурду. Мамлекеттик ишкананын ачылганына 1,5 жылдай болду. Эч бир жылыш, жыйынтык жок. Жөнөкөй эле аймактарда майда-барат иштерди жасай албадык. Азыр бир дагы донор менен иштешкен жокпуз, алар менен бир топ иш жасасак болмок", — деди ал.

Ал, андан сырткары, өлкө казынасынан бөлүнгөн каражаттар туш-келди колдонулуп жаткандыгын кошумчалады.

© © SputnikМамлекеттик сатып алуулар порталындагы "Кыргыз туризмдин" оңдоо иштерине жарыялаган тендери
232 миң сомго ноутбук алып, душ, ажаткана салдырып... Чыры көп Кыргыз туризм - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы "Кыргыз туризмдин" оңдоо иштерине жарыялаган тендери

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы 2019-жылы ири суммага бир нече тендер өткөргөн. Анын биринде Көчмөндөрдүн III дүйнөлүк  оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктын мурдагы кеңсесин жаңылоого 850 миң сом жумшалган. Ал тендердин документтеринде имараттын ичине атайын душ салынганын дагы көрүүгө болот.

Аны мамлекеттик ишкананын директору Данияр Казаков да жашырбайт. Казаковдун пикиринде, ал курулуштар кызматкерлердин суроо-талабынын негизинде жасалган.

2009-2010-жылдарда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдердин VIP-шаарчасы кантип сатылган? 2,5 жыл иликтенген иштин чоо-жайы
"Душ кабинасын салуу кызматкерлер тарабынан сунушталган жана ал тендерде да каралган. Жаш кызматкерлердин командировкадан келгенде түшүп турабыз деген суроо-талабын эске алып койдурганбыз. Мен кол алдымда иштегендерди баалайм жана аларга шарт түзүп берүүгө аракет кылам", — деп жооп берди Казаков.

Мындан сырткары, "Кыргыз туризм" 2019-жылдын соңунда 3,5 миллион сомго чукул акчага компьютер жана түрдүү аксессуарларды сатып алууга тендер жарыялаган. Жыйынтыгында 1 миллион 920 миң 600 сомго КБМ жоопкерчилиги чектелген коому уткан. Ал ЖЧК 232 миң сомго ноутбук, 150 миң сомго проектор, 216 миң 500 сомдон эки системдик блок өңдүү түрдүү техника менен камсыздаган. Кийинки тендерге ошол эле фирма жалгыз катышып, 1 миллион 361 миң сом сунуштап жеңүүчү болгон. Ал акча видеоконтент даярдоо үчүн 181 миң сомго видеокамера, 95 миң сомго фотоаппарат, 360 миң сомго алты объектив, 152 миң сомго квадракоптер сыяктуу түрдүү жабдуулар алынган.

© © SputnikМамлекеттик ишкана бир ноутбукту 232 миң сомго сатып алган
232 миң сомго ноутбук алып, душ, ажаткана салдырып... Чыры көп Кыргыз туризм - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ишкана бир ноутбукту 232 миң сомго сатып алган

Сатып алынган кымбат баалуу техника, иштин алгачкы жыйынтыктары жөнүндө Данияр Казаков буларды айтты.

© © Sputnik"Кыргыз туризм" ишканасы жалпы үч миллион сомдон ашык акчага түрдүү техника сатып алган
232 миң сомго ноутбук алып, душ, ажаткана салдырып... Чыры көп Кыргыз туризм - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз туризм" ишканасы жалпы үч миллион сомдон ашык акчага түрдүү техника сатып алган

"Башында мени бул кызматка чакырганда, бир катар киреше бербеген мамлекеттик туристтик объектилер биздин ишканага өткөрүлмөк. Жумушка киришкенден бери ала турчу объектилерди буга чейин колдонуп келгендер менен азыркыга чейин соттошуп келе жатабыз. Жумушка 2019-жылдын апрель айында кирсем, август айында гана мамлекет тарабынан каржы алдык. Бул убакыт аралыгында кызматкерлер акча албай иштешти. Сатып алынган техниканын баасы чындап эле кымбат. Бирок ал компьютерлер күчтүү, көп функциялуу. Анын жардамы менен биз көптөгөн видеоматериалдарды өз алдынча даярдай алабыз. Муну менен биз жарнамага аз акча кетирип, келечекте бир топ каражат үнөмдөйбүз. Буга чейин өлкөнү жарнамалоого чоң акча жумшалган", — деди Казаков.

Ал "Кыргыз туризмдин" азыркыга чейин киреше таба албай жаткандыгын мамлекетик органдардагы бюрократия менен түшүндүрдү.

Бир жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан МИ Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында. Ишкананын айланасындагы чыр-чатак, текшерүүлөр боюнча министр Азамат Жаманкулов да түшүндүрмө берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында. Ишкананын айланасындагы чыр-чатак, текшерүүлөр боюнча министр Азамат Жаманкулов
232 миң сомго ноутбук алып, душ, ажаткана салдырып... Чыры көп Кыргыз туризм - Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында. Ишкананын айланасындагы чыр-чатак, текшерүүлөр боюнча министр Азамат Жаманкулов
"Тендер аркылуу техника алып, курулуш иштерин жасатканы боюнча мен ишканага аудиттик текшерүү жөнөткөм. Кийин ал фактылар аныкталып чыкты. Азыр ишкананын жетекчисине карата чара көрүү боюнча министрликтин жооптуу кызматкерлерине тапшырма бердим, учурда тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Буюрса, жакын арада жыйынтыктары толук белгилүү болот", — деди Жаманкулов.

"Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Казаков 2012-2013-жылдары маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору болуп иштеген. Ал ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевден сөгүш алып, бир нече айдан кийин эле кызматынан алынган.

Казаков буга чейин туризм тармагында жеке ишкерлик менен алектенген жайы да бар. Юстиция министрлигинин расмий сайтында Казаков "Борбор Азия Туристтик Корпорациясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун, "Дос-Пласт" ЖЧКсынын жетекчиси, "Эльтрейд" ЖЧКсынын жетекчиси, негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн.

Туризм департаментинин мурдагы директору Максат Чакиев бюджеттик каражатты орунсуз пайдаланып, мамлекеттик ишкананын жасап жаткан ишине ичи чыкпай жатканын да жашырган жок.

© Sputnik / Максат ЭлебесовТуризм департаментинин мурдагы директору Максат Чакиев
232 миң сомго ноутбук алып, душ, ажаткана салдырып... Чыры көп Кыргыз туризм - Sputnik Кыргызстан
Туризм департаментинин мурдагы директору Максат Чакиев
"Туризм тармагында жооптуу кызматта иштеп, мамлекеттик ишкананы жетектеген адамдын өзүнүн жеке туристтик фирмалары болсо, аны укук коргоо органдары текшериши керек. Себеби бул мыйзам бузуу жана түрдүү бүдөмүк ойлорду пайда кылат. Анан мамлекет кыйын абалда турганда кымбат техника алып, жумуш ордуна душ, ажаткана салганы туура эмес. Алар коронавирус коркунучу турганда атайын стратегия иштеп чыгышы зарыл болчу", — деген пикири менен бөлүштү Чакиев.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы Казаковго карата 2019-жылдын март айында текшерүү жүргүзүп, ишканадагы мыйзам бузууларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов менен маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго кабарлап, ага карата тиешелүү чара көрүүнү сунуштаган.

Кошумчалай кетсек, Финансы министрлиги 2019-жылы "Кыргыз туризмдин" ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө 10 миллион сом,  ал эми 2020-жылы беш миллион сом берген. Өз кезегинде ишкана өлкө казынасына киреше алып келе элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0