04:36 15 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.5098
  • EUR87.9814
  • RUB1.0897
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
158 0 0

Февраль айына карата берилген маалымат боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 миллиард доллар. Анын ичинен 3,9 миллиарды — тышкы карыз.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстан тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын сөзүнө таянып кабарлады.

Эске салсак, кечээ коронавирус жайылган учурда өнүгүүнү каржылоо боюнча эл аралык форумга Кыргызстан да катышкан. Анда Сооронбай Жээнбеков тышкы карызды чечүүнүн үч этабын сунуштаган. Каржы министри ал үч этапты тизмектеп берген.

Алар:

1-этап. Тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп же кийинки жылдарга жылдыруу гана эмес, аларды терең реструктуризациялоо зарыл.

2-этап. Саламаттык сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгуу.

3-этап. Экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды иштеп чыгуу.

Жээнбаева Каржы министрлигинин алдында чоң милдеттер турганын баса белгиледи.

"Кыргызстан G20 мамлекеттери жана Париж клубунун жардамы менен тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады. Быйыл эки тараптуу карыздарды төлөө токтотулду. Бирок бул чаралар, албетте, жетишсиз. Маселени чечүү үчүн кошумча жолдорду издеп, ар кандай эл аралык аянтчаларда диалог жүргүзүп жатабыз", — деди Жээнбаева.

Февраль айына карата берилген маалымат боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 миллиард доллар. Анын ичинен 3,9 миллиарды — тышкы карыз.

Тема боюнча

Кыргызстан жыл башынан бери тышкы карыздан да ички карызга көп акча коротту
Асрандиев коронавирустун айынан бюджет канча акчадан кур калганын айтты
Белгилер:
Тышкы карыз, каржылоо, Бактыгүл Жээнбаева, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ