Жыл башынан бери Кыргызстандан тамак-аш көбүрөөк экспорттолду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Ош базарында жер-жемиш сатуу. Архив
Бишкектеги Ош базарында жер-жемиш сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда сыртка эч тоскоолдуксуз товар эскпорттоого 137 кыргызстандык ишкананын уруксаты бар. Алар ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. 2020-жылдын биринчи кварталында айыл чарба продукцияларынын экспорту 12 пайызга жогорулады. Бул тууралуу брифинг учурунда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

"Тамак-аш үч багытта экспорттолот. Мал, жер-жемиш жана кайра иштетилген продукция. Бардык багыттарда тең сыртка чыккан товарлардын көлөмү өстү. Өзгөчө тирүү мал, кургатылган жемиш, жаңгак, сүт азыктары көп сатылды", — деди Чодуев.

Акчалай түрүндө эсептегенде, кыргызстандык ишкерлер жылдын биринчи кварталында сыртка 5 миллиард 383 миллион 900 миң сомго азык-түлүк чыгарган.

Учурда сыртка эч тоскоолдуксуз товар эскпорттоого 137 кыргызстандык ишкананын уруксаты бар. Алар ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0