АКШ өз мунайынан кол жууйбу? Өмүрү кыска лидерлик

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүНефть казуучу станция. Архив
Нефть казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкада мунай казуу рекорддук көлөмдө кыйрайт окшоп калды. Өлкөдөгү газ жана мунай бургулоочу орнотмолордун саны болуп көрбөгөндөй кыскарууда.

Компаниялар банкроттук боюнча жапырт арыз тапшырып, иштерин убактылуу токтотууда. Натыйжада АКШ сланецтик тармактын үчтөн биринен ажырап калышы ыктымал. Кайра калыбына келтирүү узак жылдарга созулат. Кошмо Штаттар "сланецтик" коллапстан кача албай калышына эмне себеп болгонун биздин өнөктөш РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган Наталья Дембинскаянын макаласынан окуңуздар.

Кескин төмөндөйт!

2019-жылы америкалыктар Россия менен Сауд Аравиясын да артта калтырып, мунай казуу жаатында лидерликке чыккан. Бул көрсөткүчкө жетүүгө сланецтик мунай көмөкчү эле. 70 жылдан бери биринчи ирет АКШ кара алтынды нетто-экспорттоочуга айланган.

Бочкадагы мунай. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Баррели миң доллардан": америкалык план мунай рыногун "муңайтышы" ыктымал
"Мунай өнөр жайы күтүүсүздүктөргө жык. Сланецтик революция мунайдын баасын, өндүрүштү жана соода агымдарын астын-үстүн кылды", — деп билдирген мурдагы президенттердин бири Жорж Буштун (кенже) энергетика боюнча кеңешчиси, Rapidan Energy консалтингдик компаниянын башчысы Боб Макнелли. Бирок сланецтик тармактын ыргагы кескин басаңдаары болжонгон. Рекорддук көрсөткүчтөрдүн кесепети скважиналарды бош калтырып, инфраструктурага сарпталган эбегейсиз чыгымдарга тушуктуруп, капиталдык салымдардын тартыштыгына алып келген. Көйгөй 2021-жылы курчуй турганы күтүлгөн, бирок ага жеткирбей эле коронавирус пандемиясы тармакка катуу сокку болду.

Энерготашуучуларга суроо-талап жок, мунайдын баасы түшүп кетти. Биринчи эле бул ансыз да карызга белчесинен баткан жана инвестициялардын тартыштыгы жарга такап турган сланецчилерди жабыркатты.

Майдын аягында Baker Hughes мунай-газ сервистик компаниясы АКШда иштеп турган мунай-газ бургулоочу орнотмолорунун саны болуп көрбөгөндөй кыскарган. Былтыр эле 983 болуп турса, ушул тапта 318и гана иштөөдө.

Кендин үчтөн биринен кур жалак калышат

ShaleProfile Analytics божомолу боюнча, АКШда сланецтик мунай ишканаларынын үчтөн бири жоюлат. Каатчылык аталган тармактын негизги көйгөйлөрүнүн бирин айрыкча күчөттү: технологиянын өзгөчөлүктөрүнөн улам скважиналар тез бөксөрдү. Сланецтик кендерде бургулоодон көп өтпөй эле кен азаят, "айтылуу" өндүрүмдүүлүгүнөн дегеле кабар жок. Чыгымдарды жаап туруу үчүн дайым жаңы скважиналар зарыл. Бирок азыркы кырдаалда бул мүмкүн эмес. Компаниялар банкроттукка жапырт арыз тапшырууда. Haynes & Boone маалыматына таянсак, жыл башынан бери банкроттукка тапшырууга 17 өндүрүшчү белсенген, алардын жалпы карызы 14 миллиард долларды түзөт. Атай кетсек, алардын катарында ири сланецчилердин бири Whiting Petroleum, California Resources жана Chesapeake Enеrgy өңдүү гиганттар да бар. Май айынын аягында Хьюстондогу банкроттук боюнча иштерди караган сотко документтерин Unit компаниясы да тапшырган.

Нефть казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орус-араб күчүнө каршы чыккан АКШ революциясы тизелеп калдыбы
Далластын Федералдык резервдик банкынын (ФРБ) изилдөөсүнө ылайык, Батыш Техастагы салыштырмалуу "арзан" Permian сланецтик бассейнинде да рентабелдүүлүк үчүн мунай баррелине орточо 49 долларга чыгышы абзел. ФРБ болжогондой, жыл ичинде баа 40 доллар болуп турганда өндүрүшчүлөрдүн 15 гана пайызы иштеп кете алат. Ал эми баанын сланецчилерди куткарып калчудай деңгээлге көтөрүлөрүнө үмүт жок.

АКШнын Энергетикалык маалымат башкармалыгы (EIA) 2020-жылы Brent үлгүсүнүн орточо баасы 34,13 долларды жана келерки жылы 45,62 долларды, ал эми Техастын батышында WTI быйыл 30,10, эмдиги жылы 43,31 долларды түзөрүн жоромолдойт.

Калыптануу бир канча жылга созулат

Талдоочулардын баамында, натыйжада АКШдагы сланецтик кендин көлөмү суткасына беш миллион баррелден да төмөндөйт. Ал эми The Wall Street Journal басылмасы өлкөдө 15 ири сланецтик компания жаңы кендерди иштетүү бюджетин орточо 48 пайызга азайтканын жазып чыкты. Пандемиянын айынан суроо-талап ылдыйлап жаткан убакта өндүрүштү мурдагыдай көлөмгө чыгара алышпайт. "Ошол деңгээлге кайрадан жеткиргенче эле бир топ жыл өтүшү мүмкүн. Андай күн келери да арсар", — деп жазылган ал материалда. Америкалыктар мээнеттенип жеткен лидерлик ордунан кол жууп калышы ыктымал. Мындайга жол бербөө үчүн да "инструменттери деле саналуу" деп белгилешет серепчилер.

"Быйыл Америка мунай жаатындагы лидерлик позициясынан ажырап калары анык болуп калды, — деп билдирет Emirates NBD товардык рыноктордун талдоочусу Эдвард Бел CNBC агенттигине, — Бул биз күткөндөн да алда канча эрте болчудай".

"Коронавирус пандемиясы мунай өндүрүшүн кыйратты. Бензин, авиациялык жана дизелдик отунга болгон суроо-талап ушунчалык тездик менен дегеле болуп көрбөгөндөй көлөмдө төмөндөдү. Буга Россия менен Сауд Аравиясынын ортосундагы "баа согушу" да, андан тышкары, америкалык мунай компанияларынын балансындагы олчойгон карыздар да үстөккө-босток болду", — дешет Bloomberg Intelligence аналитиктери.

Предприятие ООО РН-Пурнефтегаз в Ямало-Ненецком автономном округе - Sputnik Кыргызстан
Мунайдын артынан газ каатчылыгы күтүп турабы? Келечекке божомол
Булардын баары аз келгенсип, америкалык сланецчилер мунай жаатындагы ири оюнчулардын оңой олжосуна айланып калышы ыктымал. Пандемиядан кийин кайра жанданып келе жаткан экономикасы жана арзандаган чет элдик активдерге кызыккан Кытай мындай "оюнда" негизги коркунучту туудурат.

Америкалык мунай кендеринин орточо баасы бир баррели 60 доллар болуп турган убакка салыштырганда эки эсеге, тагыраак, 42 миң доллардан 20 миң долларга чейин түшүп кетти. Вашингтондогулар кыйрап бараткан энергетикалык тармакка Кытайдын баш багышынан абдан кооптонушат.

"Техас жана башка жерлердеги сланецтик компанияларды каршылаш өлкөлөр сатып алса, бул улуттук коопсуздук үчүн олуттуу көйгөй жаралат", — дешет Техастагы мунайды жөнгө салуучулар.

Кытайлар мындай кадамга түздөн-түз барары күмөн, өкмөт ага жол бербейт. Бирок стратегиялык эмес активдердин бир бөлүгүн сатып алуу же биргелешкен ишкана түзүү өңдүү буйтап өтчү жолдору да жок эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0