ЕАЭБ рыногуна кыргызстандык канча ишкана товар экспорттой алат. Тизме

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЭт продукциясы. Архив
Эт продукциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия курамына кирген бирикменин рыногунда керектөөчүлөрдүн саны 2019-жылкы маалыматка караганда, 182 миллион адамдан ашат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү реестрине кирген кыргызстандык ишканалардын саны учурда 137ге жетти. Бул тууралуу брифинг учурунда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди.

“Буларды ЕАЭБдин ар бир мамлекети тааныйт жана товарларын биримдик ичине жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого эч бир тоскоолдук болбойт”, — деди Жумаканов.

Алар кайсы тармактарда иш алып барышат:

  • Сүт жана сүт азыктарын өндүрүү боюнча — 27 ишкана;
  • Бал өндүрүү боюнча — 41;
  • Балык өндүрүү боюнча — 25;
  • Этти кайра иштетүү — 14;
  • Улуттук сүт азыктарын өндүрүү боюнча — 2;
  • Мал союучу жайлар — 6;
  • Тоок этин өндүрүү боюнча — 3;
  • Асыл тукум чарбалар — 6;
  • Тоют дайындоочу ишканалар — 3;
  • Азык-түлүк сактоочу кампалар — 10.

Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия курамына кирген бирикменин рыногунда керектөөчүлөрдүн саны 2019-жылкы маалыматка караганда, 182 миллион адамдан ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0