Дүйнөлүк экономика COVID-19дан кийин бутуна тура албайт. 5 себеби

© AFP / SPENCER PLATTКиши Нью-Йорктогу Бруклинде жабык бизнес районунда бара жатат. Архив
Киши Нью-Йорктогу Бруклинде жабык бизнес районунда бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү карантиндик чектөөлөрдү кыскартып, эл ээн-эркин көчөгө чыга баштады. Бирок экономисттер кризиске канчалык бат жана тоскоолдуксуз кирсек, дал ошондой эле кайра чыгып кетебиз деген жаңылыш ой экенин айтат.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Эмне себептен пандемиядан кийин дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүү оголе талаал болорун ВВС адистердин пикирине таянып санап көрдү.

"Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү карантиндик чектөөлөрдү кыскартып, эл ээн-эркин көчөгө чыга баштады. Бирок биз кризиске канчалык бат жана тоскоолдуксуз кирсек, дал ошондой эле кайра чыгып кетебиз десек жаңылышабыз", — деп айтылат макалада.

Анын себептери:

  • Биринчиден, вирус дагы деле бар, ага каршы вакцина табыла элек. Кээ бир өлкөлөр биринчи толкунун ооздуктай албай жатса, айрымдар кийинкисин күтүүдө;
  • Экинчиден, мындай шартта эл жана бизнес өкүлдөрү тобокелчиликке баргысы келбейт, каражатын үнөмдөйт. Ашыкча сатып алуулар, инвестиция тууралуу сөз кылгандар жокко эсе;
  • Үчүнчүдөн, карантиндик чөктөөлөр өтө чыгымдуу болуп чыга келди. Экономикалык сектордун басымдуу бөлүгү токтоп, мамлекет салыктан киреше көрбөй калды. Ошол эле учурда өкмөттөр экономиканы жөлөп-таяп туруу үчүн карызга акча алууга мажбур болду. Ал эми карантин бүткөн соң анын баарын казына бош экенине карабай төлөп берүү керек;
  • Төртүнчүдөн, дүйнөлүк ЖМКларга экономиканы колдоого мынча же тигинче акча бөлүндү деген маалыматтар байма-бай чыгып жатат. Бирок мында көбүнесе өнүккөн, бай өлкөлөр тууралуу айтылууда. Ал эми эптеп-септеп бутка турууга аракет кылып жүргөн өлкөлөр экономикасын колдоого каражатты эми гана издей башташат;
  • Бешинчиден, бир нече айга созулган "карантиндик уйкудан" элдин баары ойгонот деп айтуу кыйын. Авиакомпания, мейманкана, ресторан сыяктуу бизнес түрлөрү мамлекет колдогон күндө дагы карантинден чыкпай калышы мүмкүн. Бул тармактагы миллиондогон кызматкер ишсиз калат да, башка тармакта жумуш табуусу татаал болот.

Коронавирус тууралуу

Биржанын көрсөткүчтөрүн карап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экономисттер COVID-19 адамга кандай пайда бергенин айтты
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 22-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 5 102 424кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0