09:44 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4726
  • EUR82.3665
  • RUB1.0751
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
257 0 0

Парламентте пандемия шартында бюджетке түшкөн кирешелердин өлчөмү кескин кыскарып кеткендиктен, быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Өкмөт учурда жылына бюджетке 100 миллион сомго чейин төлөп берүүгө кудурети жеткен "Бишкек" эркин экономикалык аймагы (БЭА) жылына 60 миң сом төлөгүдөй кылып койду. Бул тууралуу парламентте өкмөт мүчөлөрүнө суроо берип жатып депутат Канат Исаев айтты.

Эске салсак, учурда Жогорку Кеңеште 2020-жылдын бюджетин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

"2020-жылдын 5-мартында өкмөттүн 130-токтому менен "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын бюджетке төлөмү 2 пайыздан 0,02 пайызга төмөндөтүлүптүр. Билишимче, жылына 300 миллион сом чогулткан аймак 6 миллион сом мамлекетке төлөмөк экен. Эми аны силер 60 миң сомго түшүрүп жатасыңар. "Дордойдогу" бир контейнер айына 10 миң, жылына 120 миң сом төлөсө, биздин 300 гектар аянты бар эркин экономикалык аймак 60 миң сом төлөй турган кылып койдуңар. Чындыгында 300 миллион сом тапкан жерден 100 миллион сомго чейин алып, бюджетти толтурса болот", — деди депутат.

Жыйында отурган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул боюнча маалыматты тактап, кемчиликтер болсо өзгөртүүлөр киргизилерин айтты.

Ал эми Исаев өзгөртүүлөр гана киргизилбей, буга юридикалык жактан дагы баа берилиши керектигин белгиледи.

Айта кетсек, эркин экономикалык аймактардын негизги максаты — чет элдик инвестицияларды тартуу, сапаттуу жана экспорттук продукцияларды өндүрүү, жумушчу орундарын түзүү, калктын турмуш деңгээлин жакшыртууга салым кошуу.

Тема боюнча

Асрандиев: өкмөт Россия менен газдын баасын арзандатууну сүйлөшүүдө
Белгилер:
каражат, киреше, Мухаммедкалый Абылгазиев, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ