19:39 05 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
82 0 0

Сооронбай Жээнбеков бул сапар ЕАЭБдин ички бажы аймагындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесине көңүл бурду.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бүгүнкү шартта ЕАЭБ ичинде товарлардын эркин жүрүүсү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн актуалдуу болуп калды. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында айтты.

Мамлекет башчы биримдиктин ички бажы аймагындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесине көңүл бурду.

"Биринчи керектелчү продукцияларды жеткирүүдө "жашыл коридорлорду" түзүү жөнүндө макулдашууга жетишкенбиз. Ага карабастан, биримдиктин айрым мүчө-мамлекеттери тарабынын көзөмөл күчөтүлүп, азык-түлүктөрдү жеткирүүгө чектөөлөр киргизилүүдө", — деген Жээнбеков.

Мамлекет башчы Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын ыйгарым укуктары жетишсиз болгондуктан, тоскоолдуктарды жоюунун колдо бар механизмдери натыйжасыз болуп жаткандыгын белгиледи.

"Комиссиянын тоскоолдуктарды жоюу боюнча чечимдери кээ бир мүчө-мамлекеттер тарабынан толук түрдө аткарылбай жатат. Аны менен катар эле ЕЭК коллегиясына тоскоолдуктарды жойбогондорго айып пул санкцияларын колдонуу боюнча ЕАЭБ сотуна кайрылуу укугун берүү керек", — деди президент.

Жээнбеков Европадан жана Украинадан Кыргызстанга келе турган товарлар менен жүктөрдүн эркин транзитин камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылган.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда, видеоконференция режиминде өттү. Кыргызстандын, Белоруссиянын, Казакстандын, Россиянын президенттери жана Армениянын премьер-министри ЖЕЭК мүчөлөрү болуп саналат.

ЖЕЭК жыйынына байкоочу өлкөнүн башчысы катары Молдованын президенти катышкан.

Тема боюнча

Жээнбеков ЕАЭБ жыйынында КР жарандарын мекенине кайтаруу маселесин көтөрдү
Белгилер:
биримдик, экономика, транзит, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ