Дизель майы менен бензин 3 сомго арзандады

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКиши май куюучу жайлардын биринде унаасына май куюп жатат. Архив
Киши май куюучу жайлардын биринде унаасына май куюп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы май айында мунай заттарынын орточо эсеп менен 3-5 пайызга арзандаарын билдирген.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өткөн эки суткада Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу май кескин арзандаганын мунай затын саткан компаниялардын сайтындагы маалыматтан улам баамдаса болот.

© © Sputnik16-майга карата күйүүчү май жана валюта курсунун баасы (сом менен)
Дизель майы менен бензин 3 сомго арзандады - Sputnik Кыргызстан
16-майга карата күйүүчү май жана валюта курсунун баасы (сом менен)

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Кучумкулов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кучумкулов: эми автоунааларды электрондук паспорттун көчүрмөсү менен каттайбыз
Бейшемби күнгө карата Аи-92 түрү 0,2-3 сомго, ал эми Аи-95 түрү 0,4-2,2 жана күйүүчү май 0,6-3 сомго арзандап кеткен.

Арзандоо этап менен жүрдү. Кечээки күндөн тарта мунай заттары 0,2-1 сомго түштү.

Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы май айында мунай заттарынын орточо эсеп менен 3-5 пайызга арзандаарын билдирген. Мындан ары бардыгы Кыргызстандын жана өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын активдүүлүгүнө жараша болот.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы кандай көйгөлөрү бар экендигин буга чейин айтып беришкен эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0