Баткен облусунун башчысы аткезчиликтен канча акча өндүрүлгөнүн айтты

© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдырахманов
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдырахманов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус башчысы Лейлекте былтыр төрт айда бажыдан 15 миң сом гана түшкөнүн, ал эми быйыл 5,2 миллион сом чогулганын айтат.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Баткенде үстүбүздөгү жылдын башынан 1-майга чейин 42 бажы эрежесин бузуу катталган. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдырахманов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып 189 миң сом айып пул салынып, толугу менен төлөнгөн. Ал эми 639,3 миллион сом бажы төлөмү өндүрүлгөн.

"Лейлек районундагы бажы өткөрмө бекетинен 2019-жылы январь-май айында болгону 15 миң сом түшкөн. Ал эми быйыл ушул мезгил аралыгында 5,2 миллион сом чогулду. Бул өтө чоң сумма. 5,2 миллион сомду мамлекетке төлөбөй аткезчилик менен алып кетип турган", — деди Абдырахманов.

Неделя моды в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Баткендин бажы кызматкерлери 4 миллион сомдук контрабандалык товарды кармады
Ал эми 1-майдан 12-майга чейинки аралыкта жети факты аныкталып, 31 миң сом айып салынган. Бул иштерден 99,4 бажылык төлөм өндүрлүп жатканын белгиледи облус башчысы.

Ошондой эле Абдрахманов жыл башынан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик кызматкерлерге 14 факты боюнча иш козгоп, мамлекетке 6 миллион 978 миң сом зыян келтиргенин аныктаганын кошумчалады. Бүгүнкү күндө анын 1 миллион 870 миң сому өндүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0