Өкмөт бюджеттин 10,3 млрд сом чыгымын кыскартат. Кайсы тармак кертилет

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Жогорку Кенештин имараты. Архив
Бишкектеги Жогорку Кенештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы министрлиги азык-түлүк жана медикамент алуу боюнча бюджеттик чыгымдар толугу менен каржыланарын эскертти.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева парламенттин жыйынында бюджеттик чыгымдарды 10,3 миллиард сомго кыскартуу пландалып жатканын билдирди.

Учурда депутаттар бюджеттик өзгөртүүлөрдү карап жатат.

Жээнбаеванын айтымында, өкмөт товарларды жана кызматтарды сатып алуудан 2,9 миллиард сом, капиталдык чыгымдардан (жол салуу, оңдоо, башка курулуш иштери) 6,7 миллиард сом үнөмдөмөкчү.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Асрандиев: салыктан карызы барлар жыл аягына чейин төлөсө туум алынбайт
Ошол эле учурда медикамент жана азык-түлүк сатып алуу боюнча беренелер кыскартылбайт. Мындан сырткары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кошумча 145 миллион сом бөлүнүп, жалпы бюджети 11,3 миллиард сомду түзөт.

Министр айыл өкмөттөргө каралган 600 миллион сом дем берүүчү гранттарды кыскартуу беренеси депутаттардын сунушунан кийин кайра каралып чыгарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, коронавирус инфекциясынын кесепетинен бюджетке 31 миллиард сомго жакын акча түшпөй калары болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0