Доллар, евро, алтын жана бензин арзандады. 14-майга карата баа

© AFP / ERNESTO BENAVIDESДоллар жана евро банкноталары. Архив
Доллар жана евро банкноталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллар менен евронун баасы сомго карата төмөндөп, алтын куймалары дагы арзандады. Ошондой эле айрым май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы ылдыйлады.

  • АКШ акчасын сатып алуу — 75.68, сатуу — 76.37 сом. Еврону сатып алуу —80.98, ал эми сатуу 83.58 сомго бааланып жатат. Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1.015, сатуу — 1.051 сом) кармалып турат.
  • Автоунааларга пайдаланчу АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 34.9-36.9 сомдон, ал эми АИ-95 38.5-40.1 сомдон сатылууда.
  • Алтын куймаларынын бир граммын сатып алуу — 5 710.5, сатуу 5 739 сом деп катталды.

Биржанын көрсөткүчтөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк экономиканы түшкө кирбеген кризис күтүп турат. Кооптуу прогноз
Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 килограмм алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0