Былтыр Кыргызстанда канча алтын казылып, канча акча түшкөнү белгилүү болду

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКыргызстандагы Кумтөр алтын кени. Архив
Кыргызстандагы Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казып алынган алтындан Кыргызстандын казынасына 12,9 миллиард сом түшкөн. Анын негизгиси Кумтөр кени экени маалым.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда 26,1 тонна алтын казып алынды. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 2019-жылга карата өкмөттүн отчетун берип жатып билдирди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ибраев: былтыр 73 400 тонна концентрат өлкөдөн чыгарылган
Анын айтымында, казылган алтындан казынага 12,9 миллиард сом түшкөн. Бул 2018 жылга салыштырмалуу 1,5 миллиард сомго көбүрөөк. Ошол эле учурда былтыр андан мурунку жылга караганда 2,9 тоннага көбүрөөк алтын казылган.

Алтындын негизги бөлүгү Кумтөр кенинен алынса, калган 7,4 тоннасы Куру-Тегерек, Жер-Үй сыяктуу башка кендерден казып алынганын белгиледи өкмөт башчы.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги курамында алтын, күмүш, жез өңдүү баалуу металлдар бар концентрат кайсы өлкөлөргө кетип жаткандыгы тууралуу материал даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0