Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду үчүнчү антикризистик планын түзүп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун папкасын кармап турат. Архив
Киши Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун папкасын кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн айрым региондорунда түз каржылоонун минималдуу босогосу 100 миң долларга түшүрүлгөнү айтылат.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Коронавирус пандемиясынан улам Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду үчүнчү антикризистик план түзүп чыкканын билдирди.

Сүт өндүрүүчү заводдун ишкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт бизнести колдоо үчүн антикризистик фонд түзөт
Биринчиси — айыл чарбаны колдоо максатында сүт, эт азыктарын жана аквакультураны өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген насыялар берилет.

Экинчиси — өлкөнүн алыскы аймактарында ишкерлерди колдоо максатында Талас, Баткен жана Нарын жерлеринде минималдуу босого 200 миң доллардан 100 миңге түшүрүлдү.

Үчүнчүсү — COVID-19 менен күрөшүү багытында иш алып барган ишканаларга жеңилдетилген насыя берилет. Алар жеке коргонуу жана гигиена каражаттарын, медициналык шаймандарды же гигиена заттарын өндүргөн ишканалар.

Жаңылыктар түрмөгү
0