Жээнбеков бизнесмендерди чогултуп жыйын өткөрдү. Ажого айтылган сунуштар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы өкмөткө антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнесмендерди дагы тартууну сунуштады.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, өлкө экономикасын кризистен чыгаруу маселесин талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков коронавирус инфекциясы өлкөнүн макроэкономикасына терс таасирин тийгизгенин белгилеген.

"Чек аралардын жабылышы сырткы соода менен болгон алакага кедергисин тийгизет. Башкы өнөктөш өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн көлөмү азайды, ошондой эле валюта рыногунда баалар, өсүп олку-солку болуп турганы байкалат. Муну менен мамлекетке гана эмес, бизнес үчүн да оор кырдаал жаралды", — деди президент.

Ситуация в Пекине из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Карантинден кийин ишкерликтин кайсы тармагы бүк түшөт? Адистердин пикири
Ошондой эле ал азыркы кырдаал атамекендик экономиканын структураларындагы кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү ачыктап койгонун айтып, мындан сабак алуу керектигин билдирген. Аны менен катар эле экономикалык жоготуулар эркин жана ачык-айкын экономиканы түзүүгө өбөлгө болорун кошумчалаган.

Экономика министри Санжар Муканбетов республикадагы макроэкономикалык кырдаал жана өкмөттүн антикризистик пландары, алдыдагы божомолдор тууралуу маалымат берген.

Ишкерлердин эл аралык кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков кризис бизнести оор абалга кептегенин, бирок ошол эле учурда экономика жаатында реформа жүргүзүүгө шарт түзөрүн белгилеп, бир нече сунуштарын айткан.

Өлкөнүн бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит ишкерликке салыктык жеңилдиктерди берүү маселесин ортого салды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: экономиканы каржылоо булактарын таптык
Инвестиция жана бизнести өнүктүрүү кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Талайбек Койчуманов ишкерлердин ортосунда атаандаштыкты жогорулатуу боюнча айрым мыйзамдарды иретке келтирүү керектигин айтып өттү.

Мындан башка дагы бир нече бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү да өз көйгөйлөрүн, сунуштарын айтышкан.

Соңунда мамлекет башчы кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнесмендерди дагы тартууну өкмөткө сунуштады.

Жыйынга өкмөттүн айрым мүчөлөрү дагы катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0