Өкмөт КР экономикасынын кризистен кийинки багытын аныктоого киришти

© Sputnik / Эмиль СадыровЗдание правительства КР в Бишкеке
Здание правительства КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьердин айтымында, өкмөт буга чейин экономиканы калыбына келтирүү боюнча эки план иштеп чыккан.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргыз өкмөтү кризистен кийин экономиканы өнүктүрүү боюнча алдыңкы үч жылдыктын планын иштеп чыгууга киришти. Бул туурасында экономикалык блокту тескеген вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өкмөт буга чейин экономиканы калыбына келтирүү максатында эки пландын документин түзгөн. Бул үчүнчүсү болмокчу.

“Биз үчүнчү программанын негизинде ишти баштадык. Бул кризистен чыккандан кийин алдыңкы бир, эки, үч жылда Кыргызстандын экономикасын кайсы жолго салып, андан ары кантип өнүктүрөбүз деген максатта план иштелип чыгат”, — деди Асрандиев.

Коронавирустун кесепети

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: экономиканы каржылоо булактарын таптык
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 895ке жетип, анын ичинен 637си айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0