Сүт экспорттоону максат кылган фермер эмнеге көңүл бурушу керек

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүСүт өндүрүү ишкананын иниясында кызматкер жумуш учурунда. Архив
Сүт өндүрүү ишкананын иниясында кызматкер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ЕАЭБ өзүн 90-95 пайызга сүт менен камсыздайт. Андыктан мүчө өлкөлөр үчүнчү мамлекеттерге сүт экспорттоо боюнча максат коюшу керек.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Сүт жана сүт азыктарын экспорттоодо атаандаштыкка туруктуу болуу үчүн фермерлер кайсы жагдайларга көңүл бурушу керектигин Евразия экономикалык комиссиясынын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министри Артак Камалян түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, кечээ "ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугу" темасында Москва — Ереван — Кишинев шаарларынын ортосунда видеокөпүрө өткөрүлүп, анда Камалян экономикалык биримдиктеги олуттуу суроолорго жооп берген.

"Биринчиден, уйлар асыл тукум, сүттүү болушу керек. Ошондо гана сүттүн көлөмү көбөйөт. Экинчиден, товардын курамы ар дайым талапка жооп бериши шарт", — деди Камалян.

Министр кошумчалагандай, учурда ЕАЭБ өзүн 90-95 пайызга сүт менен камсыздайт. Андыктан мүчө өлкөлөр үчүнчү мамлекеттерге сүт экспорттоо боюнча максат коюшу керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстан өзүн сүт менен 102 пайызга камсыздай алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0