Таза суу үчүн алынган 10 млн. доллар гранттын сметасы бир миллионго даярдалат

© пресс-служба мэрии города БишкекНехватка питьевой воды в новостройках"Арча-Бешик" и "Ак-Ордо"
Нехватка питьевой воды в новостройкахАрча-Бешик и Ак-Ордо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат алгач консультациялык кызматына эле бир миллион доллар бөлүнөрү жазылганына таң калуу менен суроо узатты.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Суу чарба агенттиги Азия өнүктүрүү банкынан 10 миллион доллар грант алуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун ратификациядан өткүрүү үчүн парламенттин кароосуна алып келди.

Агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиевдин айтымында, каражат Ош, Каракол шаарларында, Нарын облусу жана Базар-Коргон районунда суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын курууга жана оңдоого жумшалат. Анын арасында Ош шаарында жаңы суу кампасын куруу каралган. Буга чейин калаада күн жааган сайын таза суу берүү үзгүлтүккө учурап жатканы маалым.

Суу агып жаткан кран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарынды суу менен камсыздоо үчүн чет жактан 27,4 млн. доллар алынууда
Депутат Бактыбек Турусбеков мыйзам долбоорунун негиздемесинде жасалчу иштердин консультациялык кызматына эле бир миллион доллар бөлүнөрү жазылганын айтып таң калды. Бул алынчу гранттын 10 пайызы экенин белгилеп өттү.

Буга Таштаналиев жооп берип, ал каражат алдыда жасала турган иштердин баарынын долбоордук сметасын иштеп чыгууга жумшаларын айтты. Бул тендер менен өтүп, ага кыргызстандык компаниялар гана катышат.

Натыйжада парламентарийлер грант алууну колдоп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0