ЕЭК министри: пандемия ЕАЭБге жакшы мүмкүнчүлүк берүүдө

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКарантиндик борбордун жайында медициналык кызматкер. Архив
Карантиндик борбордун жайында медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Артак Камаляндын айтымында, ЕАЭБдин артыкчылыгы — азык-түлүк тартыштыгынын жоктугунда. Бул ар бир өлкөнүн биримдикке кошкон салымы.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Пандемия учурунда ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөргө азык-түлүк экспорттоону күчтөндүрүп алса болот. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министри Артак Камалян билдирди.

Ушул тапта “ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугу” темасында Москва — Ереван — Кишинев шаарларынын ортосунда видеокөпүрө өтүп жатат.

Камаляндан журналисттер ЕАЭБ курамына кирген өлкөлөрдүн артыкчылык жана кемчиликтерин санап берүүсүн суранышкан.

"Мактай турган жагы — азык-түлүк тартыштыгы жок. Бул ар бир өлкөнүн биримдикке кошкон салымы”, — деди министр.

Мындан тышкары ал учурда ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөргө тамак-аш экспорттоону колго алып, рынокту ээлеп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0