Нарынды суу менен камсыздоо үчүн чет жактан 27,4 млн. доллар алынууда

© AFP / FRED TANNEAUСуу агып жаткан кран. Архив
Суу агып жаткан кран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарынды суу менен камсыздоо үчүн чет өлкөдөн 27,4 млн. доллар алынат. Кредит жана грант алуу боюнча макулдашууга тараптар 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында кол койгон.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстан Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоо жана тазалыкты жакшыртуу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 27,4 миллион доллар алууга макулдашты. Аталган келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети карап жактырганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Макулдашууга 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында кол коюлган.

Доллар купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан дагы бир уюмдан шашылыш түрдө 12,15 млн. доллар алганы жатат
Ага ылайык, Азия өнүктүрүү банкынын атайын фондунан 13,7 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүнөт. Ал эми насыя түрүндө аталган банк 13,7 миллион сом берет.

Кыргыз өкмөтү тарабынан 5,5 миллион каржыланат. Бул каражат салыктарга жана долбоорду ишке ашырууну колдоого жумшалат.

Насыя 32 жылга алынып жатат, анын ичинде 8 жылга жеңилдетилген мөөнөт менен 1 жана 1.5 пайыздык үстөк коюлуп берилет.

Долбоорду аткаруу мөөнөтү 6 жыл, башкача айтканда, Нарын облусу ушул аралыкта суу маселесин чечип, элдин ден соолугун коргоо жана коомдук тазалыкты сактоо жагын  жакшыртышы абзел.

Жаңылыктар түрмөгү
0