Кыргызстанда 11-майдан тарта эл көп чогулган тармактардын иши жанданат. Тизме

Жазылуу
Абылгазиев эгер ишин жанданткандан кийин санитардык эреже бузуулар аныкталса, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Өкмөт Кыргызстандагы кырдаалга жараша экономиканы жөнгө салуу үчүн ишкердик тармактарын этап-этабы менен жандантуу боюнча планды бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган графикке ылайык, 1-майдан тарта адам аз чогулган тармактардын иштешине уруксат берилген.

Ал эми 11-майдан баштап эл көп топтолгон тармактар иштеп баштайт.

1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү:

  • микрофинансылык уюмдар;
  • камсыздандыруу компаниялары;
  • кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
  • туристтик агенттиктер.

2. Калкты тейлөө кызматтары:

  • сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
  • тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоо;
  • химтазалоо жана клининг.

3. Соода тармагы:

  • курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;
  • автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;
  • тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитура жана башка буюмдарды сатуу базарлары;
  • автосалондор, авторыноктордон сырткары.

4. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

  • коомдук транспорт, атап айтканда, автобустарда жана троллейбустарда жүргүнчүлөрдү ташуу. Кичи автобустар азырынча кооптуу деп бааланууда.

21-майдан баштап ишин жанданта турган тармактар:

1. Калкты тейлөө борборлору (КТБлар).

Финансы жана башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү:

  • акча алмашуу пункттары;
  • ломбарддар.

2. Калкты тиричилик жактан тейлөө борлорлору:

  • бут кийим оӊдоо;
  • эмерек чогултуу жана оӊдоо.

3. Соода-сатык чөйрөсү:

  • соода борборлору;
  • кийим-кече сатуучу базарлар жана дүкөндөр;
  • автомобиль базарлары;
  • коштоочу кызматтар.

4. Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев санитардык-эпидемиологиялык талаптарды катуу сактоо керектигин баса белгилеген. Эгер эреже бузуулар аныкталса, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0