Жан кейиткен кредит: элге жардам берем деп банктар банкрот болбойбу

Жазылуу
Кыргызстандагы банктар коронавирус пандемиясына байланыштуу кардарларына кредит төлөө боюнча жеңилдик берүүдө. Мындай нерсе өздөрүнө залакасын тийгизип, банкротко кептебейби?

Коронавирус пандемиясы жана ага байланыштуу чектөөлөр көпчүлүктү ишсиз калтырып, финансылык абалын бир топ кыйындатып койду.

Мындан улам Улуттук банк март айында "Коронавируска байланыштуу каржы-насыялык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө" токтом кабыл алган. Ага ылайык, насыяларды төлөө мөөнөтү бери дегенде үч айга жылдырылат жана кечиккендиги үчүн айып пул салынбайт. Ошондой эле кардардын "кредиттик тарыхына" бул айлардагы кечигүүлөр эсепке алынбайт.

Жарандарга кандай жардам берилип жатканын билүү үчүн өлкө аймагында иштеген 23 банк менен байланыштык. Маалыматка караганда, арыздардын 60 пайыздан 90 пайызга чейинкиси канааттандырылып жатыптыр.

Ситуация в Венесуэле из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Вирустан эмес, ачкадан өлчүдөйбүз. Карантинди бузган ишкерлердин ыймандай сыры
"Кайрылуулар абдан көп. Арасында чындап эле коронавирус пандемиясынан улам коюлган чектөөлөргө түз жана каймана тиешеси бар кардарлар арбын. Бирок ага таптакыр жакындабаган, азыр иши жүрүшүп жаткан ишкерлер дагы кайрылган учурлар болууда. Албетте, алардан баш тартууга туура келет. Биздин чечимге макул болбогондор Улуттук банкка даттана алышат", — деди бактардын биринин кардарлар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Канат Исмаилов.

Маалыматты Улуттук банктан дагы тастыктап, 2020-жылдын 15-апрелине чейин реструктуризация (төлөө мөөнөтү өзгөртүлгөн — ред.) болгон кредиттердин саны 40 миңдин тегерегинде экенин айтышты.

"Алардын жалпы суммасы 30 миллиард сомго барабар. Ал эми 22-апрелге карата банктардын кароосунда суммасы 22 миллиард сомго жакын 25 миңдей арыз турат", — дешти Улуттук банктан.

Финансы жана экономика боюнча көз карандысыз серепчи Сейтек Байгуттиевдин пикиринде, ушул тапта коммерциялык банктарга дагы оңой болгон жок. Анткени алардын дагы инвестор, өнөктөш жана эл аралык донорлор алдында милдеттемелери бар.

"Бирок алар деле шартты түшүнүп турат. Жеңилдиктерди сурап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болот. Анын үстүнө азыр ишсиз калган эл кыйналууда. Банктар ушундай учурда жардам бербесе болбойт. Бул жагынан Улуттук банк туура багытта бара жатат", — деди Байгуттиев.

Ал эми Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев учурда рынокто "алсыз оюнчу" жок экенине, бардык банктардын өз милдеттемелерин аткарууга капиталы жетиштүү экенине токтолду.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев
Жан кейиткен кредит: элге жардам берем деп банктар банкрот болбойбу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев
"Азыр бир дагы банк кыйынчылыктардын жаралышы же ишин токтотуу боюнча донорлору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок. Мындан тышкары, ар биринин Улуттук банк аркылуу мамлекеттен жардам алууга укугу бар. Бул мүмкүнчүлүктү дагы эч кимиси колдоно элек. Демек банктар туруктуу позицияда", — деди Абдраев.

Анткен менен экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров азыркы көрүлүп жаткан чаралар кардарлар үчүн дагы, банктар үчүн дагы жетишсиз деп эсептейт.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЭкономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров
Жан кейиткен кредит: элге жардам берем деп банктар банкрот болбойбу - Sputnik Кыргызстан
Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров
"Болгон жеңилдик — банк акчасын үч ай албайт жана бул аралыкта кечиктиргени үчүн кардарга айып пул салбайт. Үч ай өткөн соң акчасын толугу менен кайтарып алат. Айырмасы ушул убакытта гана, банкка бул нерсе күч келтирбейт", — деди Абакиров.

Экономисттин сунушу боюнча, эгер өкмөт ар бир бизнести жана банктардын өзүн сактап калгысы келсе, мындан дагы тереңирээк жардам берүүсү зарыл. Мисалы, иш токтоп турган үч айга банктар таптакыр эле кредиттин пайызын албашы керек.

Бишкектеги ресторандардын биринде үйлөнүү тою. Архив - Sputnik Кыргызстан
Той бергенге дарман жок! Ишкерлер карантинден кийинки жашоосуна сереп салды
"Анда, албетте, банктарга күч келет. Аны Улуттук банк өз мойнуна алып, ушул аралыкта аларга пайызсыз насыя берүүсү зарыл. Антпесе, азыр кредитин төлөй албаган көптөгөн ишкерлер бизнесин жабабыз деп турат. Алар банкрот болсо, банк күрөөгө коюлган мүлктү тартып алат. Бирок элде акча жок болсо, аны кайра кимге сатат? Ошентип кайра эле банк системасы коркунучка кептелет", — деди адис.

Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал апрелдин аягына чейин узарган. 15-апрелден тарта бул тизмеге Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулган. Ушул тапта өлкө аймагында бизнестин басымдуу бөлүгү токтоп турат.

Кыргыз өкмөтү эки апта мурда акырындык менен экономиканы калыбына келтирип, жумушсуздукту жоюу үчүн бизнестин айрым түрлөрүн жандандыра баштай турганын маалымадаган. Азырынча бул айтылгандар боюнча жылыш боло элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0