Кыргызстанда күйүүчү май арзандады. Баасы дагы түшөрү айтылууда

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАвтозаправочные станции сети "Газпромнефть" на Симферопольском шоссе
Автозаправочные станции сети Газпромнефть на Симферопольском шоссе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын нефтетрейдерлери бааны ар кандай баада ылдыйлатып келишет. Күйүүчү майдын наркы 1 сом 70 тыйынга чейин төмөндөп кеткен да күндөр болгон.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү майдын наркы болжол менен бир сомго ылдыйлады. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

Трейдер в медициналык бет капчан биржда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө экономикалык кризиске даяр болушу керек! Россия менен Кытайдын божомолу
Анын айтымында, буга дүң баанын төмөндөп кетиши себеп болду. Майдын башында күйүүчү майдын наркы дагы бир сомго түшүшү божомолдонууда.

Маалыматка караганда, дизель майы бир сомго арзандаган. Ал эми АИ-92 үлгүсүндөгү бензин айрым жерлерде 30 тыйынга арзандаса, кээ бир май куюучу жайларда бир сомго чейин арзан сатылууда. Ал эми АИ-95 күйүүчү майы 1 сомдон 1 сом 70 тыйынга чейин ылдыйлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0